Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч бойдон калууда

311

Өлкө боюнча 15-сентябрдан баштап жаңы окуу жылы башталганына байланыштуу Бишкек шаарында жол тыгындар көбөйүп, коомдук транспортко эл жык-жыйма толуп бир топ ыңгайсыздык жаратууда.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Бишкек шаарында орточо эсеп менен 1 миң 56 даана коомдук унаа каттамга чыгууда. 1 миң 56 даана коомдук унаалардын ичинен:

Муниципалдык автобустар – 89;

Муниципалдык троллейбустар – 126;

Менчик автобустар – 81;

Менчик кичи автобустар – 760.

Аялдамада коомдук транспортту бери дегенде 6-7 мүнөт күтөсүң, бирок күткөн автобус же троллейбусуңда бут коёрго жер жок жык толгон болсо, айла жок ага отурбай кийинкисин күтүүгө туура келет. Ошентип 15-25 мүнөт өтөт. Бирок баары бир кенен кете албай тыгылып кетмей…

Вице-мер алмашылгандыктан, Мэрия транспорт маселеси боюнча суроону жоопсуз калтырды.

22-июнда Бишкекте коңшу Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин газ менен жүрүүчү 50 экологиялык автобустары линияга чыккан. Мэрия 2022-2023-жылдары газ менен жүрүүчү 700 даана автобус алып келүүнү пландоодо.

Буга карабай транспорт жетишсиздиги курч бойдон калууда. Мэрия кыш келгенге чейин тариф маселесин дагы, транспорт маселесине кошуп элге кыйынчылык туудурбагандай кылып чечип коет деп ишенебиз.