Мектепке жоолук салынып келүүгө уруксат берилиши керекпи?

218

Жоолукчан кыздардын жалпы мектептен билим алуу маселеси жылдан жылга көбөйүп курчуй баштады. 2021-жылы эле жоолук боюнча Базар-Коргон жана Кара-Суу райондорунда көйгөй жаралган. Анда окуучу кыздар жолукчан мектепке кире албай же жолугун чечип кирип жатканын айтып, даттанышкан. Бул чыр парламентке чейин жетип, бирок чечилбей ошо бойдон кала берген.

Укук коргоочулар жана балдардын ата-энелери жоолук салынып, хиджаб кийген айрым окуучулардын дин тутуу эркиндиги чектелип жатат деп нааразыланышууда. Ал эми мамлекеттин өкүлдөрү болсо бул айыптарды четке кагып, мектептер ички уставына жана мамлекеттеги мыйзамдарга жараша иш жүргүзүп жатканын айтышууда.

Мектепке жолук оронуп келүүгө уруксат берүүнү талап кылып жаткан жарандардын пикири боюнча. Директорлор, мугалимдер тарабынан жоолукчан кыздардын укугу тебеленип, мазактоодон, келекелөөдөн кыздардын шагы сынып жатканына кейип, мыйзам чегинде көйгөйдү чечип берүүнү талап кылышууда.

Бул боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү жоолук салынуу маселеси ашкере саясатташууда деп эсептейт. Адам укугунун бузулушу деген фактыга жамынып алып аз сандагы адам бул маселени өз кызыкчылыгына козутуп жатат. Эч ким, мусулмансың, сен жоолук ороносуң деп анын укугун тепселеген жок. Кыргызстанда ар бир мектептин уставына ылайык бирдиктүү форма кийүү талабы бар.

Конституцияда дин мамлекеттен ажыратылган деп так айтылган. Өлкөдө дин тутуу эркиндигине кепилдиктер бар. Бирок талдоочулар учурда кыргыз коому ашкере исламдашып баратканын, ушундан улам айрым радикал исламчылар окуу жайларда жоолук салынып келүүнү талап кылуу сыяктуу иш-аракеттер менен кооптуу жагдайларды түзүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Эгерде жалпы мектептен билим алуу системасы жакпай жатса, альтернативдик тандоо бар. Жоолук салынып алып тыпыйып медреседен билим алууга мамлекет тарабынан шарт түзүлгөн. Ал эми жолук чырын радикалдуу исламды карманган көмүскөдөгү адамдар кайра-кайра козутууда. Алардын максаты Кыргызстанды Ислам мамлекетине айлантуу.

Өлкөдө соттун чечими менен 20 экстремисттик уюмдун ишине тыюу салынган. Бул уюмдардын «феминизация» деген жүрүмү бар, ал аялдар канаты. Кыргызстандагы учурдагы системасын кыйратуу үчүн аялдар кызуу иштеп жүрүшөт. Мындай кадам аялзаты кылмышкер экенине көп шек жарата бербестен пайда болгон, исламдын атын жамынып алып туура эмес динге башка айымдарды азгырып жүргөн фактылар каттала баштады. Алар мектепке жоолук салынып баргыла, бул силердин укугуңар деген сыяктуу насааттарды айтып, момун мусулманды жарга түртүп жүрүшөт.

Бул маселе Ооганстанда болуп жаткан кырдаалга да байланыштуу. Акыркы мезгилде радикалдар жанданып, билимдүү, илимдүүлөрү мыйзам аренасында күчүн сыноого аракеттенүүдө. Жолук чырын улам-улам көтөрө бергендер кайсы укук тууралуу айтып жатышат. Мисалы, Ооганстанды “Талибан” басып алгандан бери өспүрүм кыздарга жана мугалим аялдарга мектепке кирүүгө тыюу салынган. “Талибан” Ооганстанды Ислам Эмираты деп жарыялап, шарияттын негиздерин орното баштады. Демек, шарият боюнча аялдардын укугу башкача турбайбы?

Коңшу, Өзбекстанда быйыл жайында жаңы мыйзам күчүнө кирди. Анда, коомдук жайларда диний кийимдерди кийип жүрүүгө уруксат берилген. Бирок, орто мектепте окуган балдарга сакал коюуга, чачын өстүрүп, ачык түстөргө боёого жана дененин ачык жерлерине пирсинг жасатып, тату тарттырууга тыюу салган. Ал эми кыздарга ачык түстөр менен макияж жасоого, тырмактарын өстүрүүгө, чачын ачык түскө боёого, бирден көп сөйкө жана шакек тагынууга, пирсинг, тату тарттырууга уруксат берилбейт.

Казакстанда мектепке жоолук салынып келген окуучуларды сабакка киргизбеген маселе 2017-жылдан бери курч талкууланып келатат. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган. Акыркы жылдары казакстандык ата-энелер “жоолугун чечпейм” деп көшөргөн кыздарын үйдө онлайн окутуп, же жеке менчик мектептерге берүүгө мажбур болгонун айтып келишет.

Ал эми Тажикстанда диний уюмдарга же дин кызматкерлерине карата ар кыл чектөөлөр бар. Тажик бийлиги да мектептерде жоолук салынууга тыюу салган. Президент Эмомали Рахмон өзү жарандарды сакал койбоого жана хижаб кийбөөгө чакырган жайы бар.