Араванда 9 жылдан бери курулуп жаткан оорукана ачылды.

234

Ооруканада физиотерапия, диагностика, лабораториялык бөлүмдөр, морг жана Тез жардам кызматынын станциясы бар.

Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл аймагында жаңы оорукана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, оорукананын курулуш иши 2012-жылы башталып, быйыл эксплуатацияга берилди. Ага бюджеттен акча жумшалган.

“Долбоор боюнча стационар 50 койкага ылайыкталган. Структурасында физиотерапия, диагностика, лабораториялык бөлүмдөр, морг жана Тез жардам кызматынын станциясы бар”, — деп айтылат маалыматта.

Оорукананын ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышкан.