Депутат: “Матраимовдун системасын жок кылабыз деп бүт бизнести Казакстанга өткөрүп салдык”

319

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев “бул мыйзамда экономикабызга кандай пайда болот?” деп суроо берди.

Жыйында “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Талант Калыков мыйзам долбоору аткезчиликти азайтуу жана уурулукту жок кылууга багытталган.

Депутат: “Матраимовдун системасын жок кылабыз деп бүт бизнести Казакстанга өткөрүп салдык. Ошондой болуп калбайбы”, – деп сурады.

Талант Калыков: “80 пайыз телефондун баары Бириккен Араб Эмиратынан келет. Бул мыйзамды кабыл алганда тоскоолдук пайда болбойт”, – дейт.