Кытай бир шарт менен Кыргызстандын карыз төлөө мөөнөтүн узартууга даяр

115

1-августка карата маалымат боюнча Кыргызстан Кытайдын “Эксимбанкына” 1 миллиард 765 миллион доллар бересе.

Кытай Кыргызстандын карызынын бир бөлүгүнүн төлөө мөөнөтүн узартууга макулдук берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков кыргыз өкмөтүнүн Кытайдын “Эксимбанкына” болгон карызын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча макулдашуу долбоору туурасында маалымат берген.

Ал Кыргызстан бул маселе боюнча Кытайга кредит берүүчүлөрдүн Париж клубу аркылуу кайрылганын билдирди. Айтымында, 1-августка карата “Эксимбанктын” алдындагы карыз 1 миллиард 765 миллион долларды түздү. Бул жылы Кытайга 88 миллион доллар төлөө талап кылынган.

“Кайтарыла турган 51,1 миллион доллардын мөөнөтү узарды. Бул үчүн биз кошумча 3,8 миллион доллар төлөшүбүз керек. Келишимге ылайык, алты жылга узартылып жатат, анын бир жылы жеңилдетилген мөөнөт”, — деди Татиков.

Ошондой эле ал бул каражатты электр энергиясын сатып алууга, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана Баткен облусунун муктаждыктарына жумшоо пландалганын белгиледи.

Тармактык комитет аталган сунушту колдоду.

Sputnik.kg