Асановду айпытоого реалдуу негиз болуш керек. Эскирген “сюжетти” колдонуп жатышат. Это провал!

366

Кыргыздын милициясына сабак өтпөй калды. Мунун жетекчилери, действительно, “кашаң” экен. Бул сөздүн (“кашаң” деген сөздүн) мааниси “жалкоо” деген нерсени түшүндүрөт. Тээрини кескенде ошонун калдыктарын да “кашаң” деп коюшат кыргыздар. Ушуну билсе милициянын генералы Кашкар Жунушалиев “Азия ньюс” гезитин сотко бербейт эле да. Сот дагы кыргыздын нукура сөздөрүн билбейт экен, экспертизаны Семенова деген айымга тапшырыптыр, ал кайдан билсин. Билсе айтат эле ко министирге – “урматтуу генерал, “жалкоо” деген сөзгө доо арыз берилбейт” деп. Арыз берилди. Сот аны кабыл алды. Чечим чыкты – гезитке 300 миң сом штраф салынды. “Кашаң” деген сөз үчүн, понимаете, “жалкоо” деген эле сөз. Буга эмне дейли – то ли “макоочулук”, то ли “жалкоочулук”.

Ыңкылаптын толкуну көтөрүлгөндө (октябрь 2020), МВД менен ГКНБ жетекчисиз калды – ушу күнгө чейин (бир жыл өттү) табыла элек. “Апаптап” коелу деп издеп жатышат. Генпрокурор беш күңдөн кийин “чыкты” (токойго качып адашканбы). Совбездин башчысы сыркоолоп калыптыр (азыркыга чейин төшөктө болсо керек, дымы чыкпайт). Мындай учурда кыргыздын генералдары негедир жашынып алышып, карта ойношобу, же “в прятки играть”. Мындай көрүнүштү “дизертирство” дейт. 6-октябрда экстремалдуу кырдаалда ушинтишет, традицияга айландырышты. Колунан келбесе, накта генералдар атынып өлүшөт (кинодо). Кыргыздарда мындай “кино” жок.

Президент да ошондо Ак Үйдү таштап кетти (Сооронбай Шарипович). Премьер-министр “отставкага” арызын жазды. Вице-спикер чогуу жазды. Спикер “жоголуп” калды – “адрестерди жакшы билбейт” окшойт, “на Майне” дегенди “на Майяне” деп окубалат экен. Өлкөнү башкара турган киши калбады ошол учурда. Анан оор маалда “жоокерлигин” баягы эле генерал Курсан Асанов көрсөттү, оказывается, ал жашынбак ойногонду совсем билбейт экен. Эл менен жерди коргогондон башка эч нерсени билбеген неме. Аянтка чыкты. Өмүрбек Суваналиев легитимдүү жетекчи катары аны милициянын имаратына жөнөттү. Ал жерге эки полковник менен барып (А.Орозалиев жана М.Каниметов) үч күн Бишкекти коргоп беришти.

Парламенттин “остаткалары” Садыр Жапаровду “алда, кокуй ай” деп үч ирет бекитишти 6-октябрда 37 депутат табылды, 10 октябрда 51 киши чогулду, анан 14 октябрда 80 адам менен бекитишти. Садыр Жапаров милициянын жетекчилигине бир полковникти тапты, ал атка тескери минип алып, Темирлан Султанбеков деген социал-демократтардын жаш өкүлүн жана Курсан Асановду камап салды – “они организовали беспорядки в городе” деген шылтоо менен. Шылкыйган эле бир аргумент. Баягы эле абсурд. Жаңы премьер-министирге (ошол учурда бул кызматты Садыр Жапаров аткарган) ушундай нерсе керек беле. Генерал Асанов мамлекеттин имаратына штурм жасадыбы, анан ошол жерди өрттөп салды беле, же Атамбаев менен Бабановдун биргелешкен “армиясын” жетектеп, Жапаровдун “гвардиясы” менен салгылаштыбы. Жок, бир да жерден ошолор менен жакын турганын эл көрбөдү. Тергөөчүлөр эми кантишет – фейковый пакеттерди көрсөтүп, “мына, Атамбаевдин аялына акча ташып атат” дешеби. Абсурд.

Фактический жагын алсак, анда тергөө документерге орун бериш керек. Ошол ыңкылап болгон учурда (октябрь 2020), Совет безопасности деген мамлекеттин уюмунун официалдуу түрдө кат жазылган, муну ошол кездеги Совбездин жетекчисинин орун басары генерал О.Суваналиев жазган. Ал катта генерал К.Асановго буйрук берилген – МВДнын имаратына барып милицияны координация кылыңыз деп. Так ошол документтин негизинде Курсан Асанов МВДнын имаратын төрт күн катары менен сактап берди. Ушундай аракет чыккынчылыкка жатабы? Ошол имараттан ынкылып башталганда качып кетишкен министр менен анын орун басарлары “чыккынчылык” кылышкан жокпу? Ал имаратта “арсенал” деген нерсе бар (кызматкерлердин табелдик куралдары сакталган бөлүм). Качып кеткен генералдардын дайыны жок болгонуна бир жыл толду. Опять абсурд.

Айпытоого реалдуу негиз болуш керек. Эскирген “сюжетти” колдонуп жатышат. Кой-Таштан кийин Курсан Асановго ушундай “сценарийди” уже жазышкан – “он предал интересы милиции” деп. Эми экинчи серияны (же үчүнчүбү) башташтыбы. Бул жолу да “продал” что ли. Буга анда “заслуженный предатель” деген наамды ыйгарыш керек. Үнкүрдө жаткан “дизертирлер” ушул генералдан ушунчалык коркушат экен. Ооба, Курсан үнкүргө кирбейт, себеби “кролик” эмес, алсыздарды баспайт, себеби “шакал” эмес, майдандан коркпойт, себеби “Исмаил” эмес (генерал Исмаил менен “не путать”) – Айтматовдун “персонажын” айтып атам.

Тергөөнүн “кашаңдары” эми бүтөт экен деп турсак, 2021-жылдын күз айында дагы бир жаңы сериясы башталды. Курсанды “төнкөрүш даярдап жатат, куралдарды чогултуруп” деген доомат менен камап салышты. Алмаз Сарыбаев деген жаш экономист жигит менен кезигип, сүйлөшкөнүн жазып алыптыр. Ошол “встречада” Алмаз бир жыл мурунку окуяны сурап – “2020-жылы октябрда МВДнын тегерегинде кандай кыймыл болгон эле” деп. Генерал деталдарды рапорт кылгандай кылып айтып берет. Ошол сөздү “подслушать” этип, анан аны “монтаж” кылышат – даталарды алып, азыркы күнгө ылайык кылышат. Анан ушунун негизинде доо коюлат – “мына, жаңы бийликти кулатууга даярдык” деп. Бирок “монтажниктер” бир жеринен ката кетиришет – жазып алган сөздөн “мен Суваналиевге кезиктим” деген жерин алып салыш керек эле, себеби муну менен Курсан акыркы жолу бир жыл мурун (2020, октябрь) кезиккени факт, андан кийин кезигүү болгон эмес. Пленканын ушул жери “подвел”, ушул жери бүгүнкүнүн “контекстине” кирбей жатат. Это провал. Эми кантишет – озвученный пленканкадан ошол жерин кесип салуу уже “невозможно”, демек жаңы “сценарийди” түзүп, анан аны “тщательный монтаждан” өткөрүш керек. Сериал продолжается.

Өлкөгө түйшүк түшкөн учурда Асанов жубайынын этегин кармап олтурбайт. Обязательно ок атылган, кан төгүлгөн жерге барат, карапайым элди коргойт, мамлекетти сакташ үчүн төшүн тосот. Бул генералдын ушундай бир ”итчилиги” бар. Жошоонун мааниси буга ушундай түрдө ачылат экен. Анан арамдын торуна “обязательно” чалынып калат. Түйшүк тартат, бирок такыр сынбайт. Бул жолу деле жеңилбейт дечи, но сколько можно издеваться. Акын Эсенгул Ибраев айткан “эски аңга” кайра-кайра кулай беребизби. Кезектеги бийлик өткөн бийликтин “эстафетасын” уланта береби. Зачем. Хватит уже. “Продолжение следует” дегенди токтотолу.

Поэзиянын классиги Сергей Есениндин 1922 жылы жазылган ыры бизге ылайык болуп турат. Ошол жылы ал жаңы бийликтин (большевиктердин) кылыктарына (кылмыштарына) нааразы болуп, саясый поэзиянын бур абдан эле курч саптарын жараткан – бул “Страна негодяев” деп аталган поэма. Которсок – “Шылуундардын өлкөсү” болот. Сөздөрү мына.

Пришли те же жулики,

Те же воры,

И вместе с революцией

Всех взяли в плен

“Жулики” деген сөз үчүн авторду жайлап салышкан. Которуп берейин.

Ошол эле шылуундар келишти,

Ошол эле уурулар кол салышты,

Революциянын үстүнө минип алды,

Баарыбызды заматта туткундады.

Жүз жыл мурун жазылган саптар. Эскирбеди. Глупый жолго түшсөк, анда аянтка чыккан инсандарды “за участие в беспорядках” деп баарын камаш керек – “Ата-Мекенди”, “Мекенчилди”, “Республиканы”, короче говоря, “Бүтүн Кыргызстанды”. Ошондо өлкөдө жети киши калат – премьер, спикер, генпрокурор, ГКНБ, МВД, Совбез жана президент. Анан жетөө оокат кылышат. Жетөөнүн бири кыдыр. Укмуш.

Кубан Мамбеталиев, жазуучу, журналист.