Тайырбек Сарпашев кайрадан УКМК абагына киргизилди

145

Мурдагы биринчи вице-премьер жогорку саясий кызматта иштеп жатып канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деп шектелүүдө.

Биринчи май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, УКМКнын тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы кабарлады.

“Мурда Тайырбек Сарпашев эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулган. Бирок сот 12-октябрда анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, сотко чейинки өндүрүш аяктагыча, тагыраагы, 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Сарпашев “Кумтөр ишине” тиешеси бар делип 18-июнда кармалган. Ал эми 30-июнь күнү тил каттын негизинде бошотулган. УКМКдан билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштө мурдагы биринчи вице-премьердин жогорку саясий кызматта иштеп жатып канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган. Муну менен катар Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыгын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери болгондугу айтылат.

Ошондой эле Сарпашев өкмөттөгү жооптуу кызматтарды ээлөө менен мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганы кошумчаланган.