Орусияда жумушчу күч жетишпей жатат. Курьердик кызмат 2,5 эсе кымбаттады

440

Серепчилер ноябрь айындагы майрамдарды курьерлердин жетишсиздиги күчөп, кызмат көрсөтүүнүн баасы жогорулайт деп эсептей тургандыктарын Ведомости сайты жарыялады.

Бул маалыматты чыгарууга, буга чейин рекрутингдик ири үч агенттиктин интернет-дүкөндөрдө кызматкерлердин таңкыстыгы байкалганын айтканы себеп болгон.

Ошондуктан компаниялар азыр аталган рынокто кадрдык мүмкүнчүлүктөр дээрлик түгөнгөнүн айтышат.

Эмгек мигранттарынын жетишсиздигинин фонунда, курьердик кызматтын баасы жыл башынан бери 1,5-2,5 эсе көтөрүлүп кеткен. Андыктан алар 100 миң рублга чейин киреше ала башташкан.

Ошентип, 2021-жылдын сентябрында бул кызматтарга бош орундардын саны дээрлик жети эсеге көбөйгөн.

Яндекс компаниясы келе жаткан майрамдарда буйрутмалардын саны болжолдуу түрдө 10-15%га өсөт деп маалымдайт. Ошондуктан компания кызматкерлерди бонустар, бекер камсыздандыруу жана тамактануу менен стимулдаштырууну көздөп жатат.