Ооганстанда массалык ачарчылыктан үй-бүлөлөр балдарын сатууга барууда

387

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы эгер чукул чара көрүлбөсө, миллиондогон оогандыктар ачарчылыктан өлөт- деп эскертет. Маалыматка караганда, 22,8 миллионго жакын адам (бул Ооганстандын калкынын жарымы) азыртадан эле тамак-аштын кескин жетишсиздигине дуушар болушууда, алардын 3,2 миллиону балдар.
Би-Би-Синин кабарчылары Гераттын чет жакасынан жаңы төрөлгөн кызын саткан көп балалуу үй-бүлөнү табышты.Алар башка балдарды багуу үчүн аргасыз бул кадамга барышууда.
«Үйүбүздө ун да, май да жок, ошого аргасыз болдук», — дейт үй-бүлөнүн атасы.
Кыз 500 долларга сатылганын Би-Би-Си кабарлады. Бул акчага үй-бүлө бир нече ай жашай алат. Жаңы төрөлгөн бала басканды үйрөнгөндө сатып алуучуга берилет. Сатып алган адам кызды уулуна үйлөнтөм деп убада кылган. Бирок бул чындык экенине эч кандай кепилдик жок.
Би-Би-Синин кабарчыларынын айтымында, бул Ооганстанда мындай чараларга барган жалгыз үй-бүлө эмес. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бисли: «Өлкө дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистердин бири болуп саналат. Эл катастрофалык коркунучка бара жатат».-деп билдирди.
Август айында Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгарылгандан кийин бийликти радикал исламчыл талип кыймылы басып алган. Анын башкаруусун дүйнөнүн бир дагы өлкөсү расмий түрдө тааный элек.
Бул Ооганстандын элин мурда Европа өлкөлөрүнөн, ошондой эле Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык Валюта Фондунан келген жардамдан ажыратты. Чет элдик инъекциялардын үлүшү ИДПнын 40%га жетти.
Өлкөдө азык-түлүк жана дары-дармек кризиси күчөдү. Азык-түлүктүн баасы асмандап кетти. Ошондой эле Ооганстан акыркы төрт жылда экинчи жолу катуу кургакчылыкты башынан кечирүүдө. Натыйжада, БУУнун маалыматы боюнча, ооган үй-бүлөлөрүнүн 5% гана күн сайын жетиштүү тамак-аш алышат.