Примовдун үстүнөн дагы арыз түштү, экинчи жолу эскертүү алса шайлоодон четтетилет

81

Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Примовдун үстүнөн арыз түштү. Анын атаандашы Замирбек Бөжөнов даттанган. Арыздын маңызы Улан Примов өзүнө таандык телеканалдын жетекчиси жана кызматкерлери аркылуу өз атаандашы Замирбек Бөжөновго жалган жалаа тараттырган.

“Мен депутаттыктан баш тартып кое алам, анткени ал мен үчүн ыйык деле эмес, ар кандай кызматты таштап кетип кала алам, бирок ар-намысты тебелетип кое албайм. Проректор элем деп сулуу чымчык болуп өзүмдү чектеп, рамкага камабайм. Керектүү учурда сызыктан чыгам эми, мендеги уктап жаткан арстанды бекер ойготушту. Эми Примов жана анын чычымдары менден шайлоо бүткөндөн кийин да кутула алышпайт. Азырынча мына бул БШКга жазган арызды аш кылып турушсун. Дүйшөмбү күндөн баштап сот, прокуратурадан да шорпо таяктарын алып башташат. Ал эми Улантай менен шайлоо өткөндөн кийин депутат болгон болбогонуна карабастан “шашпай сүйлөшөбүз”, адамдын ар-намысы менен ойноо эмне экенин түшүнө киргидей кылам го.

Кыргыз Республикасынын
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы
Шайлдабекова Нуржан Кармабековнага
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына
№11 Алай шайлоо округунан талапкер
Божонов Замирбек Сабиржановичтен

Арыз

“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамынын 47-беренесинде шайлоо укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик каралган. Аталган берененин 3-пунктунда “талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таркаткандар, же талапкерлердин, алардын жакын туугандарынын жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген башка аракеттерди жасагандар” үчүн КРнын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилиги каралгандыгы жазылган.
2021-жылдын 11-ноябрь күнү “Ош Пирим” телерадиокомпаниясынын башкы директору Абай Нур Большевиков (ачык булактарда аталган телерадиокомпаниянын башкы директору деп көрсөтүлгөн) өзүнүн Фейсбуктагы Абай-Нур Кылычбекович аттуу социалдык баракчасында менин ар-намысыма, кадыр-баркыма шек келтирген такталбаган маалыматтарды таркатты. Ошол эле постту колдоп “Ош Пирим” телерадиокомпаниясынын Кубаныч Муратбеков, Эртөштүк Нурбек уулу, Дарика Жанибек, Адилет Жунусов, Расул Рахманалиев деген кызматкерлери атайын уюмдашып талапкер У.Примовду мактап-жактап, ал эми менин үстүмдөн тастыкталбаган маалыматтар менен каралоо компаниясын жүргүзүшкөн.
Юстиция министрлигинин базасында “Ош Пирим Медиа” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары Примов Бердибай көрсөтүлүп турат. Өз учурунда, №11 шайлоо округунан талапкер Примов Улан Бердибаевич менен аталган телерадиокомпаниясынын башчысы жана негиздөөчүсүнүн жакын туугандык (атасы) байланыштыгы кандайдыр бир деңгээлде шектөөнү жаратып жатат. Тактап айтканда, Б.Примов өз ишканасында иштеген бир топ көз каранды кызматкерлери аркылуу уулунун атаандашы талапкер З.С.Божоновду шайлоо алдында карасанатайлык менен, эң негизгиси, тастыкталбаган маалыматтар менен каралатып жатат.
Буга чейинки БШК тарабынан №11 шайлоо округунан депутаттыка талапкер Примов Уланга карата жазуу түрүндө эскертүү берилген фактыларга да кайрадан кылдат маани берүү менен үстүдө мен атап кеткен жагдайды изилдеп, мыйзам чегинде чара көрүүңүздү суранамын.

Тиркеме: 26 файлда

Талапкер: З.С.Божонов
2021-жылдын 13-ноябры”