Алай шайлоо округунда талапкер Примов тарабынан мыйзам бузуулар болууда

131

Президент таза шайлоо өткөрүү ниетин көп жолу айтты. Бийлик органдары, административдик ресурстар колдонулбасын деп шарт түздү. Муну менен эле шайлоо таза болуп калбайт экен, добуш сатып алуунун альтернативасы колдонулуп жатат. Талапкер Замирбек Бөжөнов, Улан Примовго таандык “Ош Пирим” телеканалынын кызматкерлери атайын жалаа жаап, каралоо компаниясынын уюштурганын айтты. Жер-жерлерде көмүр түшүрүлүп, спорттук имараттарды бүтүрүү жана бала бакчаларга курулуш материалдарын түшүрүү убадалары болуп жатканы боюнча арыз жазылды. Дагы бир талапкер Бакыт Саипов мыйзам бузуунун элди ташуу, жылкы союп чай берүү болуп жатканын айтты.
Мындан тышкары Улан Примов үгүт материалдарына мыйзамда тыюу салынган нормаларды бузганы, кайрымдуулук жолу менен добуш сатып алуу аракетин көрүп жатканы боюнча далилдерге олуттуу чаралар көрүлбөй жатат.
Мындай көрүнүштөр таза шайлоо өткөрүү боюнча бийликтин беделине шек келтирет.

https://youtu.be/qT2u7ryizfo