Эркин Тентишев шайлоого аралашып, парламентти басып алгысы келеби?

421

Чүй облусунун башчысы Эркин Тентишев 30-августа өз чөнтөгүнөн байге катары 5 миллион сом чыгарып, ири спорттук иш-чара өткөргөнү айтылууда. Эмне үчүн бул факт боюнча ишти Ысык-Ата районун РИИБи жаап салган?

Президентибиз Садыр Жапаров “шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт, мамлекеттик кызматкерлердин тууган-туушкандары жана жакындары шайлоого эч кандай таасир этпейт, шайлоого киришкен аткаминерлерди жазалайбыз” деп айтып келет. Бирок, Чүй облусу боюнча шайлоо округтарынан Чүй облусунун башчысына түзтөн-түз тиешеси бар адамдар (Эркин Тентишевдин уулу Бакыт Тентишев “Ынтымак” партиясынан, Саткынбай Тентишев атындагы Медициналык институтунун проректору Жанат Эдигеев Ысык-Ата округунан (бул окуу жай Тентишевге таандык), бизнес-өнөктөшү Болот Бегалиев Аламүдүн округунан жана Аламүдүн округунан бир тууган жездеси Сыргак Кыдыкеев Ынтымак партиясынан) шайлоого талапкер катары катышып жатышат. Муну кандай түшүнөбүз?

Мындан тышкары Тентишев коомдук башталгычтагы жардамчысы спортсмен Нурдин Калыков аркылуу айыл өкмөт башчыларын, жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлерди  “губернатордун баласына жана жездесине добуш алып бербесенер шайлоодон кийин бирди көрөсүңөр” деп коркутуп жатканы ачыкталабы?

 

2020-жылы “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары Парламентти басып алышса, эми Чүйдүн губернатору Эркин Тентишев басып алабы?

Мындай көрүнүш эмитен орун алып жатса, акыры жакшылыкка алып барбайт. Андыктан, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген Тентишевге тиешелүү органдар тез арада чара көрбөсө абал чатак…