Кремль колдоосуна ээ “Азаттык”

95

Кремль колдооосуна ээ “Азаттык”

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байланыштуу үгүт иштерине алыс, жакынкы өлкөлөр дагы баам салышууда. Анткени, парламенттик шайлоонун өтүшүнө жараша өлкөнүн алдыга карай өнүгүшү такталат. Буга байланыштуу чет элдик жана жергиликтүү саясий серепчилер ар бир партия боюнча өз ойлорун билдиришүүдө. Алардын катарында “Азаттык” демократиялык партиясы дагы бар. Буга себеп көп.

Анткени партиянынын катарында Медеткан Шеримкулов, Исмаил Исаков, Жылдыз Жолдошева сыяктуу тажрыйбалуу саясатчылар толуктап, партияны Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков баштап баратат. Чындап эле бул партияга шайлоо өнөктүгү башталгандан тартып асылгандар арбын. Алардын башында “Ишеним” партиясынын серый кардиналы Арзыбек Бурханов туурат деген да кептер арбын. Кызыгы партия эч кимге жооп берген да актанган да жок. Мындай караганда эч нерсе болбогондой эч кимди тоготпогондой. Кудум эле окаендагы айсберг сыяктуу. Жөнөкөй караганда алар мындай күчтү же мындай камырабастыкты кайдан алды деген ой келет.

Эң кызыгы, “Азаттык” демократиялык партиясынын артында Россиянын «ЕДИНАЯ РОССИЯ» партиясы тураары жакында эле белгилүү болуп калды.

Партия кайдан күч алып жатат деген суроонун жообу ушул жерде жатат. Анткени шайлоо өнөктүгү баштала элек жатып, Россиянын эң таасирдүү Regnum.ru басылмасы Кыргызстандагы саясий кырдаал, шайлоо өнөктүгү жөнүндө сөз кылып, бул партияны шайлоодогу фаворит партиялардын бири экендигин баса белгиледи. Ошондой эле мурда саясий чөйрөдө андай деле белгилүу болбогон “Азаттык” саясий партиясы тууралуу орус басылмалары байма-бай шайлоодогу фаворит партиялардын бири катары көрсөтүшүүдө.

Кеп чынынан бузулбайт, партиянын курамына көз чаптырсак, бул партиянын артында Кремль тураарын баамдоо кыйын деле эмес. Мисалы, “Азаттык” демократиялык партиясынын лидери Исмаил Исаков аскер адамы экени, Россиянын жогорку аскер окуу жайын бүткөндүгү, канча жылдар Россиянын аймагында аскер кызматтарында иштегендиги, эң негизгиси, Сергей Шойгу менен жакшы экени тар чөйрөгө белгилүү. Ал эми Ахматбек Келдибеков кылмыш жообуна тартылганда Кремлдин кийлигишүүсү менен абактан түз эле дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетип, кайра ошол убактагы бийликтин келсе камайм деген эскертүүлөрүнө карабастан кайтып келип, эркиндикте Россиянын колдоосу менен жүргөнү саясий чөйрөгө жашыруун деле эмес болчу. Ал эми ар дайым Россиянын колдоосуна ээ болуп келген мурдагы эсеп палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова тууралуу көп сөз айтууга болот. Ошондой эле дагы бир талапкер Ибрагим Жунусов тууралуу көп сөз айтууга болот. Демек Россия бул шайлоодо “Азаттык” партиясына басым жасоодо деп айтууга толук негиз бар. Бул партиянын келиши менен эки өлкөнүн ортосунда болгон мамиле да жакшырат деген божомолдор бар. Эгерде Садыр Жапаров менен Ахматбек Келдибековдун эски дос экенин эске салсак бул экөө сасий келишимдердин негизинде көп нерселерге жетише алат. Бирок, бийликчил партиялар Россиянын колдоосуна ээ бул партияны өз катарларынан көргүсү келеби кеп ошондо.

Калыс Айкынов