Курсан Асанов: Мен үчүн элимдин ынтымагы, өлкөнүн бүтүндүгү жогору мааниге ээ!

227

Кечээ, 17-декабрда Октябрь окуялары боюнча кезектеги соттук териштирүү уланып, кийинки отурум 2022-жылдын 14-январына белгиленди.

Сот отурумунда кылмыш ишине айыпталуучу катары өтүп жаткан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов жана Курсан Асановдун адвокаттары аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, бирок сот канааттандырган жок.

Сот отурумунда Курсан Асанов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ар-дайым туруктуулук үчүн күрөшүп келгенин белгиледи.

“Мен Кыргызстанда болуп өткөн оор кырдаалдарда башымды коңулга катып албай, тынчтык-туруктуулукту орнотуу үчүн өз салымымды кошуп келгем. Ар-кандай коогалаң, жаңжалдарда алдыда туруп, өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун биринчи орунга коюп, ошол жаңжалдарды ыкчам басууга чоң салым кошкон инсан катары ачык айтам, мен үчүн элимдин ынтымагы, өлкөнүн бүтүндүгү жогору мааниге ээ. Мага коюлуп жаткан айыптарга түп тамыры менен макул эмесмин, баары жалган жалаа. Мыйзам чегинде баары аныкталат. Акыры чындык чыгат, адилеттүүлүк орнойт. Элимдин алдында жүзүм жарык, абийирим таза. Мени колдоп жаткан элиме терең ыраазычылык билдирем”.

Курсан Асанов эки жолу кармалып, үй камагына чыккан. Бирок үчүнчү жолу кайра камакка алынып, учурда №50 абакта олтурат.

Асанов коюлуп жаткан айыпка макул эместигин белгилеп аны “жалаа” деп атаган. Жактоочулар, Курсан Асановду эч кандай далили жок мыйзамсыз камалганын жана ага карата жалган айыптар токулганын белгилеп келишет.

Булак:ЧЫНДЫК