Көл жээгине кумарканаларды ачуунун пайда-зыяны

34

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып, бийликке нааразычылык көбөйдү. Ысык-Көл облусуна ачыла турган кумаркананын өлкөгө алып келер пайдасы же зыяны боюнча эксперттердин пикирин тыңдадык.

Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзам долбоору добуш берүүгө «кумаркана» эмес, «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район» деген аталыш менен киргизилди.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун алдындагы 1200 гектар аянтка мейманканасы, тамактануучу, эс алуучу жайы менен казинолорду курууга мүмкүндүк берилет. Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча, кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүүлөр киргизилбейт. Ошондой эле белгиленген аймактан башка жерге мындай жайларды ачууга толук тыюу салынат.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелешкен. Алар бул мыйзамды өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында жазышканын айтууда.

«Долбоор экономикабыздын азыркы абалын эске алуу менен иштелип чыкты. Казынага киреше бере турган тармактардын ишин жандантуу зарыл. Анан да сырттан келген туристтердин көпчүлүгү Ысык-Көлгө баргандыктан, бул мыйзам алардан көп киреше алып калууга шарт түзөт. Бул биздин социалдык абалыбызга терс таасир этпейт. Кумарканаларга кыргыз жарандары киргизилбейт», — дейт Турусбеков.

Ошондой эле Турусбеков казино кандай шартта иштей турганын айтып берди.

«Биринчиден, бул мыйзам иштеши үчүн чет мамлекеттен келген туристтерге визасыз режим киргизели деп жатабыз. Ойнойм деген туристтер Кыргызстанга визасыз келип, ошол туристтик зонадан чыкпай, Кыргызстандын аймагынан да чыкпай, кайра учуп кетип калышат. Экинчиден, мыйзам иштебейт деген түшүнүктү токтотуу керек. Мыйзамдын баары иштеши керек. Жоопкерчиликти президент баш болуп алып жатат. Ар бирибиз жоопкерчилик менен жашашыбыз керек. Эгерде ойнойм деген киши кирип утулуп калса, казинонун ээси толугу менен утулган акчасын төлөп берет. Ошондон кийин казинонун ээси Кыргызстандын жарандарын киргизеби?», — деди Турусбеков.

Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон депутаттарды сындады. Ал азыр ыйык Рамазан айы экенин эске салып, бул мыйзамга добуш берүү VI чакырылыштын депутаттары үчүн эң жаман көрсөткүч болорун эскертти.

«Биринчиден, аппараттын күнөөсү бар. Себеби мыйзам долбоору 8-апрелде талкуулангандан кийин ошол күнү регламент бузулуп, өз саатында долбоор добуш берүүгө кирбей калган. Ошондуктан үч жума өткөрүп, ушул күнгө алып келген жолубузду оңдоп койсок болот. Добуш берүү — ар бириңиздердин укугуңуздар. Азыркы добуш берүү VI чакырылыштын эң жаман көрсөткүчү болуп калат. Эртең элдин арасына барып, жүзүбүздү көрсөтө билели. Ошондуктан бул мыйзамды кайра добушка коюп коюңуз».

«Өлкөгө эмне пайда алып келсе, баарын кылуу керек» деген пикирин экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев билдирди. Ал кумаркана көзөмөл алдында ачык болорун, эгерде казино жаман болсо, анда Америка, Европанын эли эчак эле бузулуп кетмектигин белгилейт.

«Бузулгусу келген адамдар ансыз деле бузулуп жатпайбы. Ал үчүн жакшы тарбия, билим, жакшы шарт керек. Эгер бузулса, анда Американын, Европанын эли эчак эле бузулуп кетмек. Ошондуктан үй-бүлөнүн ролу бекеринен айтылбайт. Үй-бүлөдөгү тарбиясы күчтүү, билими да күчтүү адамдар андай азгырыктарга берилбейт. Андыктан маселе туура эле коюлуп жатат, себеби кумаркана көзөмөл алдында болот, ачык болот».

Мыйзамдын автору Бактыбек Турусбеков аймакта оюн-зоок жайлар ачылса, кошумча иш орундары түзүлүп, бюджетке көмөкчү булак пайда болорун белгиледи. Ошол эле учурда туризм тармагы боюнча ишкер Элдар Шабданов мындай пикирге кошулбайт. Себеби кумарканалар өлкөнүн туризм жаатына пайда тийгизгени менен, башка жагынан бир топ эле зыяндуу.

«Ысык-Көлгө кумаркана ачыла турган болсо, бир четинен жакшы таасирин тийгизет, анткени туристтер келет, алар алып келген акча экономикабызга салым кошот. Жергиликтүү элге да экономикалык жактан пайдалуу болот. Бирок биз бул жерден зыянын көбүрөөк тартабыз. Ошол эле жергиликтүү эл кумарканын начар, негатив аурасынан жабыркайт. Ал жакка барып, мисалы, кыздар официант болуп иштейт, эркектер бармен болуп иштейт. Кумарканаларда – жумуш адал эмес. Ар дайым тамеки, ичкилик, баңгизат болот. Эгерде жергиликтүү тургундарга жумуш орундары түзүлөт делсе, анда ушул сыяктуу жагымсыз жумуш болот. Экинчиден, ал жерге толтура криминал, сойкулар барышат. Анан чиновниктер, коррупционерлер барып, арам акчасын казино аркылуу адалдашат. Бул — эл аралык өнөктөштөрдүн алдында да абдан начар көрүнүш».

Ал эми экономист Кайрат Итибаев кыргыз жарандарына бөгөт болуп, чет өлкөлүктөр гана кирип, оюн-зоокко катыштыра тургандай күчтүү институттар жок экенин белгилеп, Ысык-Көлдү башка жагынан эле өнүктүрсө болмогун айтат.

«Биздин жарандарга бөгөт болуп, чет өлкөлүк жарандар кирип, кумарканага катыша ала тургандай кудуреттүү институттар барбы бизде? Укук коргоочу, милиция кандай иштеп жатат? Ошол эле мамлекеттик каржыны көзөмөлдөгөн агенттик кандай иштеп жатат?. Экинчиден, локация маселеси, Ысык-Көлдүн башка тармактарын, мисалы, медициналык, бизнес туризм кылып өнүктүрсөк болмок. Андан көрө Баткен облусун «Баткен Вегас» кылып өнүктүрүү керек. Анткени ал жерде, аэропортторду, мейманканаларды да өнүктүрсө, ошол жерди бир аймак кылып, курдуруп иштетсе, чет өлкөлүк негизги кардарларыбыз болуп, Тажикстандан, Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан келе тургандай болмок», — деди Итибаев.

Токтомдун кабыл алынышы боюнча Президент Садыр Жапаров да билдирүү жасап, анда кумаркана ачуу мыйзамына каршы чыккан депутаттар долбоорду колдогондорго карата «кара пиар» жасап жатышканын айтты. Ошондой эле мыйзамды колдогон депуттар туура чечим кабыл алганын белгиледи.

«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы «кара пиар» жасап жатышат».

Эске салсак, жогоруда аталган мыйзам биринчи окууда гана каралды. Алдыда экинчи жана үчүнчү окууда каралуу маселеси бар. Эгер үч окууда тең колдоо тапса, мыйзамды бекитүү үчүн Президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.