Өзбекстан Кемпир-Абадды эл аралык туристтик зонага айлантууга киришти

86

Өзбекстан Кемпир-Абадды эл аралык туристтик борборго айлантууга киришти. Бул тууралуу Өзбекстандын Андижан облусунун суу менен камсыз кылуу бөлүмү расмий YouTube каналына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады.
Өзбекстан Кемпир-Абадды эл аралык туристтик борборго айлантууга киришти. Өзбекстандын социалдык тармактарында Кемпир-Абад суу сактагычын туристтик зона катары колдонуу үчүн атайын жарнамалык видеолор чыга баштады. Кемпир-Абад суу сактагычын туристтик зона катары колдонуу жөнүндө айтылган бул жарнамалык видеороликти UzGlobalTV студиясы даярдаган.
Тасмадан байкалгандай, өзбек тарап Кемпир-Абад суу сактагычына жергиликтүү жана эл аралык туристтерди курорттук эс алуу үчүн  чакырган. Видеодо суу сактагычтын кооздугу жана таза жаратылышы жөнүндө айтылып, ага Андижан облусу аркылуу келүү мүмкүн экенин, мурда жабык болуп турганы, эми бардык каалоочулар  үчүн ачык экени айтылат.

Ua.kg