Аскар Акаев: Мен бийликте турганда үй-бүлөлүк башкаруу болгон эмес, накта үй-бүлөлүк башкарууну Бакиев киргизди

170

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев “АвторТВ” медиа тармагына кеңири маек берди. Экс-Президент Кыргызстан үчүн жасап кеткен иштери, өлкөдөгү саясий абал жана өзүнүн дарегине айтылып келген бир катар сындар боюнча үн катты.

“ Менин үй-бүлөм эч качан мамлекеттик иштерге аралашкан жок. Эки улуу агам бар. Биринчи агам Болот Акаев советтер доорунда эле партиялык, профсоюздук кызматтарда иштеп келген. Мен президенттик кызматка келгенде дагы, кеткенде дагы иштеди. Мен анын кызматына тиешем болгон эмес. Кийинки агам айылда совхоздо иштеди. Экөө тең кызматынан көтөрүлгөн жок. Балдарыма келсек, улуу кызым Бермет Щвецарияда окуп, БУУнун Европалык бөлүмүндө иштеп калды. Чет тилдердин баарын билет.

Уулум Айдар Вашингтондон окуусун бүтүп келип, финасы министрлигинде кеңешчи болуп иштеди, бирок официалдуу кызматка отурган жок.

Айтаарым, үй-бүлөм саясатка аралашпастан тескерсинче мамлекеттин түптөлүшүнө жардам беришти. Ал эми накта үй-бүлөлүк башкарууну К.Бакиев киргизди.”- деген оюн билдирди Аскар Акаев.