Кечээ Кыргызстандын чек арачылары “Элитанын” элитасы экендигин далилдешти

272

Билайн
Кечээки куралдуу кагылышуу учурунда биздин чек ара кызматындагы аскерлердин бири дагы артка чегинген жок. Ошол эле учурда, чек ара кызматындагы өздүк булактардан келген түшкөн маалыматтардан белгилүү болгондой, жоокерлер конфликт аймагында жашоосу менен кош айтышууга бара жаткандарын жакшы билишкен. Анткени, тажик тарап кээ бир фактылар ачык көрсөтүп тургандай, бул кагылышууга алдын ала чоң даярдык көрүшкөн.
Айтсак, бул окуядан бир жума мурун, тажик тарап биздин чек арага жакын жерлерге ыңгайлаштырылган аскердик жабдыктардын жанына транштарды куруп, даяр турушкан. Бирок эң кызыктуусу, ошол эле учурда Тажикстандын чек ара зонасында жашаган жарандары үйлөрүн мындан бир нече күн мурда эле таштап кетишкендиги белгилүү болуп турат. Башкача айтканда, коңшу өлкөнүн аскер күчтөрү байкатпай келип, далга бычак сайгандай болду.
Билайн
Натыйжада, тажик тарап чагымчыл иш аракеттерин баштап, кыргыз аймагында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү каналынын аймагына видео көзөмөл жүргүзүү жабдыктарын орното баштаган. Алар бул кадам кыргыз тараптан кандай кабыл алынаарын жакшы билип, атайылап, чагымчыл иш аракеттерди жасашкан.
Бул чагымчылдык иш ар аракеттин кесепетинен тажик аскерлери Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматынын 3 жоокерин, жергиликтүү тургундарды, эң өкүнүчтүүсү жашы 5 жана 12 жаштагы наристелерди өлтүрүп жүздөгөн адамдарды жабыркатты.
Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ошондон улам эки тараптуу кагылышыуу башталганАл учурда тажик тарап карапайым кыргыз жарандарына каршы миномет, гранатаметтон ок чыгарып, аскерлери кыргыз жерлерине кирип келген.
Кийинчерээк, Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.
Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген. Бирок, аны тажик тарап түнкү саат 01:00дөн кийин бузган.