Чек ара кызматы: түндө Баткенде ок атуу болгон жок

184

Баткен облусунун Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташканы белгиленди.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, түндө ок атышуу катталган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Баткен облусунун Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташкан.

Ош — Исфана жолунун Жака-Өрүк аймагындагы бөлүгү жана Төрт-Көчө жолу да таштан тазаланып, ачылганы айтылды.

Чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек араны кайтарууну улантууда.