Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары сүйлөштү. Талкууланган маселелер

214

Чавушоглу кырдаалды стабилдештирүү жана чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөө үчүн тараптардын көрүп жаткан чаралары боюнча жетишилген келишимдерди түрк тарап колдой турганын билдирди.

1-майда түрк тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу баарлашты. Бул тууралуу КРдин ТИМинен билдириштиСүйлөшүүнүн башында Чавушоглу Кыргызстандын элине көңүл айтып, 2021-жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларда каза болгон жана жаракат алган жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгиледи. Ошол эле учурда, ал кырдаалды стабилдештирүү жана чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөө үчүн тараптардын көрүп жаткан чаралары боюнча жетишилген келишимдерди түрк тарап колдой турганын билдирди.

Министр Руслан Казакбаев маектешине жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, 30-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жетишилген келишимдерге жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрүнө ылайык кыргыз жана тажик тараптар согуш аракеттерин токтотуу жана чек ара аймактарынан аскерлерди жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү жөнүндө чечимге келгенин белгиледи.

“Көздөлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу, эки боордош элдин кызыкчылыгы үчүн мындан аркы жемиштүү сүйлөшүү процессин алып баруу жана тийиштүү турукташтыруучу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүлгөндүгү жөнүндө маалымат берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Чавушоглу жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө түрк тараптын чечкиндүүлүгүн белгилеп, ошондой эле жабыр тарткан Кыргызстандын аймагын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык жактан калыбына келтирүүдө Түркия ар тараптуу жардамга даяр экендигин билдирди.