Жер титирегенде асманга учкан үйлөр курулууда

93

Япон архитекторлору сейсмикалык зоналардагы турак жайдын жаңы үлгүлөрүнө өтүштү. Мындай чоң инженердик жана архитектуралык чечим Фукусима атомдук электр станциясынын жарылуусунан кийин япониялык адистердин эсине келген. Бир аз убакыт мурун Фукусима атомдук электр станциясы Жапониянын Хонсю аралында жарылып, миңдеген адамдардын өмүрүн алып, 130 миллиард доллар чыгымга учураган.

Ошол тарыхый апааттан кийин жапон окумуштуулары ушундай улуу идеяларды ишке ашырып жатышат. “Air Danshin” компаниясынын окумуштуулары жана адистери жер титирөө учурунда асманга көтөрүлө турган үйдүн долбоорун иштеп чыгышты. Үйдүн ылдыйкы пайдубалына сенсордук шаймандар орнотулган. Бул жапыз жабдуулар жер титирөө учурундагы толкундардын жыштыгын жазып, жогорку системаларга сигналдарды жөнөтүп, жердин кыймылдап жаткандыгын эскертип турушат. Ошол эле учурда, сигналдардын жыштыгын кабыл алган кубаттуу компрессорлор абаны имарат менен фундаменттин ортосундагы жаздыкка чоң күч менен жөнөтөт. Бул процесс 5-7 секундду гана алат. Бул имараттын кулап кетпеши үчүн адистер тарабынан процессти тез өркүндөтүп, камсыз кылгандыгы менен байланыштуу.

Күчтүү компрессор менен үйлөтүлгөн жаздык имаратты 5-7 секундада 4-5 см бийиктикке көтөрөт. Бул имараттын кыйрашынан адамдардын өмүрүн сактап калууга жетиштүү болот. Жаздык жетиштүү көлөмдөгү абаны алат жана ордун жабат жана жер титирөө токтогончо имаратты абада көтөрөт. Жаздык менен катар имарат өзү жер титирөөнүн амплитудасы менен абада кыймылдайт. Бул илимий ачылыш имараттарды 7-9 баллдык жер титирөөдөн коргой алат. Бул илимде сенсация эмеспи?

Жер титирөө коркунучу бюллетендерде жазылып, компьютерлер имараттын абада кандайча сүзүп жүргөнүн көрсөтүп турат. Учурда Японияда 9000 үй бул шаймандарды алууда жана жер титирөө болгон учурда коопсуздук чаралары көрүлүп жатат. Бул технология кымбат болсо дагы, жапондор жер титирөөлөр Жапония үчүн кайталануучу көрүнүштөр тез-тез кайталанып туруучу алмаштыргыс инженердик чечим деп эсептешет.

Zaman.kg