Мирбек Атабеков: Өлгүсү келгендер, башка бирөөгө залакаңарды тийгизбей өлө бергиле

6319

Ырчы Мирбек Атабеков милициянын кайдыгер мамилесинен улам, канчалаган өмүрлөр кыйылып, бейкүнөө жарандар азап чегип жатканын айтты. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Өлкөбүздө болгон кайгылуу окуя боюнча биринчиден, Айзаданын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай окуянын болушун эч убакта каалабайт элем.

Экинчиден, чыныгы сүйгөн адам сүйүүктүүсүнө эч качан жамандык кылмак тургай, каалабайт дагы. Бул жерде сүйүү жок. Ал эми, зордоп, каалоосуна каршы мажбурлап, кыйнап ала качуу жеткен жапайычылык, бул салт эмес!

Үчүнчүдөн, биздин укук коргоо кызматкерлери, шаарыбыздын сакчыларынын кайдыгерчилигин биринчи жолу көрүп жаткан жерибиз жок. Эки жыл мурда башталган биздин үй-бүлөгө, апама тийиштүү иштин дагы да болсо аягына чыгара элек, жада калса күнөөлүүлөрдүн бирөөсү дагы жоопкерчилике тартыла элек. Болбосо баардык керектүү материалдар кол астында турат. Алар ойгонгончо канча өмүрлөр кыйылып, канча бейкүнөө жандар азап тартышат?

Сөзүмдүн соңунда, эч бир жан бирөөнүн өмүрүн кыйганга акысы жок экенин унутпайлы. Андай, өлгүсү келгендер өлө бергиле, бирок башка бирөөгө залакаңарды тийгизбегиле. Өмүрдү Аллах берген соң ал гана ала алат.

Айзада, карындашым, кечир биздин кайдыгер коомду! Жаткан жериң жайлуу, жаның жаннаттан болсун”, – деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, 5-апрель күнү Бишкектин Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишти деген видео интернетке тараган. Окуядан эки күн өткөндөн кийин, ала качып кетти деп изделип жаткан Айзада Канатбекованын жансыз денеси табылган. Кызды ала качып кеткен Замир Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, анан, өзүн бычак менен сайып өлтүргөнү кабарланган.

Бул окуя, коомчулукта милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилесинен улам болгону айтылып, кече, 8-апрелде ИИМдин жана өкмөт үйүнүн алдына жүздөгөн жарандар митинге чыгышты. Нааразычылык акциясына чыккандар ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБнын башчысы Бакыт Матмусаевдин кызматтан кетишин талап кылышты.

Ал эми, кече, 8-апрелде маркум Айзада Канатбекованын сөөгү өзү туулуп-өскөн Балыкчы шаарында жерге берилди.

Белгилей кетсек, Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө 2019-жылдын 6-май күнү таңга жуук беткапчан адамдар кирип келип, 60 миң долларын жана баалуу зер буюмдарын тоноп кетишкен. Үйгө кирип келген каракчылар, ырчынын апасынын денелерине оор жаракаттарды келтиришкени кабарланган.

Barometr.kg