Песков: Жеңиш парадына Кыргызстандын президенти келбейт…

157

Россиянын Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 5-майда журналисттерге билдиргендей, Жеңиш майрамына карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москвага келиши пландалган эмес. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
“Азырынча эч кандай пландар жок ”, – деп билдирген Россиянын башчысынын өкүлү 9-майда Кыргызстандын Президентинин Москвага сапары тууралуу суроого жооп берип жатып.
Ошондой эле ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышарын билдирген.