Коңшу Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт

101

Казакстан Кыргыз өлкөсүнө 10 миң тонна ун гуманитардык жардам катары жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматчысы Берик Уали Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Президент Касым-Жомарт Токаев салттуу достук жана стратегиялык өнөктөш, боордош Кыргыз өлкөсүнө гумаитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Коңшу өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт. Өкмөт өлкө башчынын буйругун аткарууга киришти”, – деп жазып калтырган Берик Уали.