Көзүңүздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн 10 күчтүү көнүгүү

113

Сиздин көзүңүздүн көрүүсүү жакшыбы?
Көз гимнастикасы жөнүндө эмне билесиз? Бул практика жөнүндө уктуңуз беле?

Адамдын козу жарыкты кабыл алган жана башка беш сезимге караганда бизди курчап турган дүйнө жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген орган, сезүү органы бул көз. Көздүн көрүүсүн коргоо — адамдын эң негизги милдеттеринин бири экенин билсеңиз керек.
Көздүн көрүүсүн өмүр бою сактоого болот, бирок көздү коргоо үчүн, жаш кезинде оорулардан алдын алып, көздөрдү туура багуу,кам корүү керек. Көздүн принцибин түшүнүү жана көрүү деген эмне экенин билүү маанилүү, анткени бул азыр жана келечекте көздүн ден-соолугун сактоого жардам берет.
Негизи эле көрүүңүз канчалык жакшы болсо, жашооңуз ошончолук жогору болооруна ишениңиз.
Албетте, азыркы учурда, замандын талабына ылайык гаджетти баарыбыз колдонобуз. Убактысын билбейбиз өзүбүзгө эмес, жада калса көзүбүзгө да кам көрбөйбүз . Ошон учун биз сизге дал ушул теманы сунуштоону чечтик.
Андыктан көзүңүз алмаз сыяктуу жаркырап, буркуттун көзүндөй курч көрсүн десениз бул макаланы аягына чейин окуңуз. Алдыда аз убакыт алган бирок, көзүбүзгө эң эле керектүү көнүгүүлөр жыйындысы жана аны менен биргеликте, фактылар, кеңештер сизди күтөт. Эгер аягына чейин окусаңыз демек, сиз чынында эле көзүңүзгө олутту кам көргөн болосуз .

РАДИАЦИЯГА КАРШЫ КӨЗДУ КОРГОО.
УФ зыяндуу нурларынан көзүңүз жакшы корголгонун текшериңиз.
Ультрафиолет нурлануусу, көлөкөдө турсаңыз дагы, көрүүгө терс таасирин тийгизет.
Ультрафиолеттин нурунун көзгө коркунучу сиз ойлогондон да жогору экенин билиңиз.

КӨК ЖАРЫГЫ ЖАНА КӨРҮҮ
Көк жарык бизди бардык жерде курчап турат жана көзүбүзгө зыян келтириши мүмкүн. Андыктан ультрафиолеттен коргогон көз айнек алууңуз зарыл.

ТЕХНОЛОГИЯЛАР
Компьютерди үзгүлтүксүз колдонуу же санариптик шаймандарды колдонуу көздүн көрүүсүн бузаарын билебиз. Ошондуктан, атайын компьютер колдонууга жасалуучу көз айнектерди алууңуз керек жана күнүнө 1-2 даана сабиз жеп туруңуз.
мындан улам, көздөрүңүздү зыяндуу нурдануудан коргоп, көзүңүздү узак убакытка сактайсыз.

ТҮНДӨГҮ КӨК ТУСТӨГҮ ЖАРЫК.
Кечинде көк түстөгү жарыктын таасири уйкуга жана ойгонууга тоскоол болот.

Фактылардан соң көнүгүүлөргө өтсөк.
Кызыгы көздү заряддоо укмуштуудай көрүнөт, бирок көнүгүүлөрдү дайыма жасап турсаңыз гана.
Биз сизге 10 жөнөкөй көнүгүүлөрдүн жыйындысын сунуштайбыз, алар сизге 10 мүнөттөн ашык убакытты талап кылбайт жана көздөрүңүзуду көз айнексиз курч көргөнгө жардам берет.

Көрүүнү жакшыртуу үчүн 10 ыкчам көнүгүү.

1. Көбүнчө 2 мүнөткө көз ирмебөө керек — бул көнүгүү көздүн айлануусун нормалдаштырат.
2. Баштын тегерек айлануусун аткарыңыз: оңго, солго, өйдө-ылдый. Ал кан айланууну активдештирет.
3. Көзүңүздү оңго буруп, түз сызык менен караңыз. Карама-каршы багытта дагы ушундай кылуу зарыл.
4. Көзүңүздү жумуп, эс алыңыз. Караңгыга батыруу фотосезгич клеткалардагы родопсиндин өсүшүнө өбөлгө түзөт деп болжолдонууда, бул ачык-айкын көрүнүш үчүн керек.
5. Көзүңүздү ар кандай багытта жылдырыңыз: оңго, солго, өйдө-ылдый, тегерек менен, «сегиз» санын тартыңыз.
6. 3-5 секундга катуу кысыңыз, андан кийин көзүңүздү ачыңыз, 7 жолу кайталаңыз. Көнүгүү көздүн булчуңдарын бошотуп, кан айланууну активдештирет.
7. Үстүңкү кабаттарды манжаларыңыз менен басыңыз, бирок көп күч жумшабастан, бул абалда 2 секунддай кармаңыз. Сериялар менен аткарыңыз — 4-5 жолу. Көнүгүү көздүн ичиндеги суюктуктун агымын жакшыртат8. Ачык көздөр менен абага алгач жөнөкөй геометриялык фигураларды, андан кийин татаал объектилерди жана масштабдуу композицияларды тартыңыз.
9. Көзүңүздү жумуп, кашыңыз менен акырындан өйдө-ылдый жылдырыңыз, 5-10 жолу кайталаңыз.
10. Терезенин жанында туруп, жакын жерде жайгашкан нерсеге көңүл буруңуз (мисалы, айнектеги чекит), андан кийин алыскы терезеге (үйгө же бакка) көз чаптырыңыз, бул көнүгүүнү 10 жолу кайталооңуз зарыл.
Мына ушундай оп-оңой көнүгүүлөр көздүн жакшы көрүүсүнө жардам берет. Көзүңузгө кам көрүүнү унутпаңыз.

Булак: ADME https://newsvideo.su/fun/video/88098