Ташиевдин УКМКны жетектегенге моралдык укугу барбы?

732

Баткен чек арасындагы маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алдын ала баарын билгенин айтып, көпчүлүктү таңгалдырды. Анда эмнеге биз тараптан даярдыктар, тийешелүү чаралар көрүлгөн эмес? Ошол эле кезде ал Германияга дарыланганы кетип калып, согуш чыккандан кийин кайтып келген. ЖМКлар 16 жаштагы футбол ойногон баласынын туулган күнүнө кеткенин жазышкан болчу. Ушунчалык да мекенге кайдыгер беле?
Бул көрүнүштү коомчулук талкууга алып, сын-пикирлерин, жек көрүүсүн жаадырууда. Ташиев согуш чыгарын билип туруп, Европага учуп кеткенине кандай баа берилет? Чечмелөөнүн деле кажети жок. “Элдин көзү көрөгөч” демекчи, баары алаканга салгандай айкындалып калды.
“Айтылган сөз – атылган ок” дейт. Башта Ташиев тажиктерге өтүп аткан контрабанданы бууп саларын, керек болсо курал колдонууга барарын, Баткенден бир метр артка чегинбей, суу сактагыч курарын ж.б. пландарын көбүртүп-жабыртып айтып келген. Соңунда эмне болду? Тажикстан куралдуу кол салуу менен жерибизди басып кирип, чек ара заставаларын талкалап, айылдарды өрттөп, элибизди кыргынга алды. Натыйжада, жансоогалап атып, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу ок атышпоого көндүрүп, аскерлерин араң чыгардык. Анан калса, Баткендеги жоготуулардын ордун толтурууну Ташиев Тажикстан тараптан сурабай турганын “балп” эттирди. Кыргыздын салтында, мыйзамда, дегеле дүйнөлүк практикада дагы кун төлөтүү, калыбына келтирүү каралган да, туурабы? Минтип сырыбызды алдырганыбыз – жаныбызды суурутуп салууга барабар да, качан акылыбызга келебиз?
Кыскасы, УКМК төрагасы алдын ала бакылдап, дардаңдай бергени каран күнгө себепчи болдубу? Мындан ары Ташиевдин бул кызматта калуусуна моралдык укугу барбы? Деги эле оор жоготуулардан сабак алдыбы? Тажиктер бат эле “тарбиялап” койду го? Эми мындан аркы кадамы кантет, ыя? Суроолор көп.

“Азия Ньюс” гезити