«Путин Кыргыз-Тажик согушунун автору экенин билдирип койду»

1468

Казак олигархы, оппозиционер Мухтар Аблязов “Россиянын лидери Кыргыз Республикасындагы демократиялык өзгөрүүлөрдү каалабайт” деп эсептейт.
Владимир Путин кыргыздарга ал Тажикстан менен болгон аскердик чыр-чатактын автору экендигин билдирип койду. Мындай пикирин Фейсбуктагы баракчасына казак оппозиционери, качкын олигарх Мухтар Аблязов бөлүштүАнын пикиринде, орус президенти кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак анын колунан чыккан иш экендигин жашырбайт.

Путин кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы аскердик чыр-чатак анын жасаган иши экендигин жашырууга аракет кылбайт» деп жазат Аблязов.

Ал ачык-айкын белги берди — Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөргө канааттанган жок. Путин Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу авторитардык жана мафиялык режим өкүм сүргөн өлкөлөр менен гана дос болот.

Саясатчы ошондой эле Владимир Путиндин Эмомали Рахмон менен кошо Москвадагы Жеңиш парадына чыгышы боюнча да комментарий берди.

«Кызыл аянтта Путин тажик президенти менен чогуу жүрүп, Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы аскердик чыр-чатакты өзү уюштургандыгын ачык көрсөттү» деди Аблязов. — Каза болгон аскерлердин ата-энелери алардын өлтүрүлүшү Путин жана Рахмон экендигин билиши керек.
Мухтар Аблязов Казакстандык ишкер-миллионер, мурдагы энергетика министри. Оппозиция тарапка өтүп, казак президентине сын айта баштаганда ага карата куугунтук башталган. Ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.