Али Токтакунов президент Садыр Жапаровдун кезектеги калпын ачыктады

334

«Ыштанын булгаган колун аябайт» деген сөз бар. Бирок бул бийлик аны менен башкалардын бетин булгаганга тырышууда.

Президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек кечээги жолугушууну чечмелеп, Фейсбугуна этектей пост жазыптыр. Демек КТРК, ЭлТР, дежурный мактагычтар менен уюштурган жолугушуусунда чындык сүйлөнүп, ал ачыкка чыгып кетип, анан элден сын угуп Ак Үй чакчалекей болуп аткан экен.

Биз силер провокатор, «хайп жасаган» деген баланы таптык, интервью алып чоо жайын билдик. (Видеосу комментарийде) Бечара жигит силердин ушундай дээриңерди билген да. Кыймыл аракетин баштан аяк бүт камерага тартып алыптыр. Жулмалап алып кеткенге чейинкисин. Ал силер Ак Үйдө айлаңарды таппай атканда Баткенге гумжардам жеткирип таратып жүргөн лейлектик жаш жигит экен. Ал чек ара маселесин, тажиктердин Воруху менен Чоркусун туташтырган жол салынып калса эмне болорун эң жакшы билет. Элдин башын айлантпагыла!

Эгер анык көйгөйдү көтөргөн ошол жигит провокатор болсо — анда элдин баары провокатор. Азыр Баткенде эл мамлекет болобузбу, чек арабыз чечилеби, тынчтык орнойбу, Ворухка жол салынып калса Баткендин чоң бөлүгү анклавда калбайбы, ошол жол балдарыбыз, неберелерибиз үчүн жаңы жаңжалдын уюткусу болуп калбайбы деп кыжаалат. Ошонүчүн проблемаларды айтып калалы деп барган журналисттин баарына, чиновниктерге сүйлөп берип атышат. Байтеректин ал жактагылар «көптөгөн журналисттердин көз алдында камералардын астында ачылып сүйлөй да алышмак эмес» дегени тек гана өздөрүнүн калпын жашырган беттырмоочулук. Көргүлө биздин жана башка ММКлардын каналдарын.

Бийлик оозун ачса, ары же бери кыймыл кылса эле уят кылууда. Ал ичибизде эле калып калбастан азыр бизди кылдат тиктеп турган эл аралык коомчулукка жетүүдө. Ушундай учурда колдоп, унчукпай туралы деп аткандарды «провокатор», «бузуку», «хайпер» атап, өзүңөр эски обонуңарга түшүп, душманга колтук ачып атасыңар. Жеткен бузукулук ушул.

Эгер Садыр Жапаров жалаң мактоо сөз уккусу келсе дежурларды резиденциясына чогултуп кечке мактоо уга берсин.
Али Токтакунов
Ua.kg