Асел Кадырбекова: “Ал адам мени ачуума тийип коркутуп жатат…”

2187

Ырчы Асел Кадырбекова ага карата коркутуулар болуп жатканын жеке баракчасына жазып чыкты:

“Мага же апама бир нерсе болсо, жакындарым кимди күнөөлөштү билишет. Коркутуулар болуп жатат. Ал адамдан мындай нерсени күтүүгө болот. Менде телефон сүйлөшүүлөрдүн баары сакталуу. Эгерде чектен ашып кетсе, бул жакка жүктөймүн. Эгерде баракчама жүктөгөнгө болбосо, журналисттерге кайрылам.

Менин абалым эми жакшы болуп бара жатканда, бул жагдай мени туталантууда. Дарыгерлер “толук жакшы болуп кетүү үчүн нерв болбоо керек” дешкен. Бирок ал адам дал ушуну каалап жатат. Ооба мен аялмын! Бирок өзүмдү коргой алам!”, – деп жазат ырчы айым.