АКШнын аскер базасы кайрадан Кыргызстанга жайгашышы мүмкүн…

317

АКШ Ооганстандан чыгарылган аскерлерин Борбор Азия өлкөлөрүндө, тактап айтканда Өзбекстан менен Тажикстанда жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Буга чейин Вашингтон аймактагы аскердик объектилерди өзүнүн пайдасына колдонуп келген. Кошмо Штаттар өз аскер күчтөрүн кайрадан Орусиянын алдындагы аймакка жайгаштыруу ыктымалдыгы кандай жана Москва буга кандай жооп берет?

Америкалык стратегдер Ооганстандан америкалык аскерлердин чыгырылып жаткандыгына байланыштуу АКШнын куралдуу күчтөрүнүн аскердик техникаларын жана күчтөрүн Борбор Азияга жайгаштыруунун жолдорун издеп жатышат. Бул тууралуу кечээ, 10-майда америкалык белгилүү Wall Street Journal гезити жазды.

Мындай дипломатиялык активдүүлүк жана Wall Street Journal басылмасына чыккан маалыматтар бир эле чынжырдын тогоолору. Бул тууралуу “Взгляд” басылмасына Ооганстан саясатын изилдөө борборунун (ЦИАП) башчысы Андрей Серенко билдирди.

Басылма белгилегендей, ошол эле учурда Өзбекстандын Коргоо министрлигинин республиканын коргонуу доктринасында чет элдик аскерлерди жайгаштыруу каралган эмес деген билдирүүсү жетиштүү ынанымдуу көрүнбөйт.

“Америкалыктар Ооганстандан чыгып жатканына карабастан, алар аймактагы кырдаалга таасирин тийгизүү үчүн өз аскерлерин жакын жерде сактоону каалап жатышканы айдан ачык. Кезинде, НАТОнун баш катчысынын Закавказье жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Жеймс Аппатурай мага региондогу бардык мамлекеттердин ичинен алар үчүн Казакстан жана Өзбекстан чоң кызыгуу туудурарын айткан. Бирок Казакстан Ооганстандан алыс болгондуктан, Өзбекстан көбүрөөк ылайыктуу келет”, – деп белгиледи Андрей Серенко.

Анын айтымында, Өзбекстан географиясы жана президент Шавкат Мирзиёевдин көп векторлуу саясатына байланыштуу америкалыктардын сунушуна макул болушу мүмкүн.

Мирзиёев өз саясатында бир эле учурда Москва, Вашингтон, Пекин, расмий Кабул, ооган талибдери, пакистандыктар жана түрктөр менен кызматташтык түзүүдө. Ушул саясаттын алкагында, Ташкент саясий маневр жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн сактап калууга аракет кылып, америкалык аскерлерди кабыл алууга макул болушу мүмкүн экенин четке какпайм. Мындан тышкары, Өзбекстан, ошол эле Тажикстандан же Кыргызстандан айырмаланып, ЖККУнун жана ЕАЭБдин алкагында кандайдыр бир милдеттенмелер менен чектелбейт”, – деп кошумчалады чыгыш таануучу.

Анын пикиринде, Ташкент, албетте, мындай кадамдын Орусияга жакпашын түшүнөт. Өзбектер бул оюнга Москваны өзүнүн ставкасын коюга чакырышы толук мүмкүн.

“Бул Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы мамилени анчалык салкындатпастан, тескерисинче, Орусиянын Ташкентке карата жаңы демилгелерди жана сунуштарды көтөрүп чыгуусуна түрткү бериши керек. Анын үстүнө бул сунуштар америкалыктарга караганда кызыктыруучу болушу керек”, – деди Серенко.
Саясат таануучу Американын аскерлерин жайгаштырууга макул боло турган экинчи өлкө – Кыргызстан деп эсептейт. Жакында Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалынан кийин президент Эмомали Рахмондун Москвага барышын көптөгөн кыргыз саясатчылары жактырышкан жок. Алар муну Орусия Душанбеге колдоосун көрсөтүп жатат деп эсептешти.

“Ошондуктан, ага жооп иретинде Бишкектеги айрым күчтөр америкалыктарды өз тарабына тартууга аракет жасаарын жокко чыгарууга болбойт. Ошол эле учурда, америкалыктар Тажикстанга өз аскерлерин жайгаштыра алышпайт, Душанбе бул маселеде Москва менен Пекинге өтө эле көз каранды”, – деп кошумчалады эксперт.

“Өзбектер менен кыргыздар америкалык аскерлерди өз өлкөлөрүнүн аймагына жайгаштырууга макул экендигин азырынча эл алдында ачык айта элек, бирок алар муну терең ойлонушууда. “Буга, тилекке каршы, ЖККУнун бир катар өлкөлөрүндөгү бул уюмга кадыр-баркына олуттуу сокку урган кризистер дагы таасирин тийгизди. Ошондуктан, америкалыктардын сунушу абдан өз убагында болушу мүмкүн”, – деди Серенко.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-майда кыргыз парламентинин жыйынында депутат Айбек Осмонов ЖККУнун алкагындагы кызматташтыкты кайрадан карап чыгууну же аскер союзунан толугу менен чыгууну, же башка уюмга кирүүнү сунуштады.

“ЖККУдагы өнөктөш өлкө биздин аймакка кол салууда, бирок уюм унчукпай жатат. Мындай адилетсиз уюмга эмне үчүн катышышыбыз керек? Демек, багытыбызды өзгөртүшүбүз керек, андан чыгып, башка уюмга мүчө болушубуз керек”, – деген Осмонов.