Комиссия “Кумтөрдү” 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти

91

Экологияга келтирген зыяндын өлчөмү 3 миллиард 086 миллион доллар, ал эми түшпөй калган салыктар 1 миллиард 166,5 миллион доллар экени айтылды.

“Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc. компаниясын 4 миллиард 252 миллион 800 миң долларлык доого жыгууну сунуштады. Бул туурасында комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.

Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc. комиссиясына ушундай доо коюп жатканын баса белгиледи.

Бул акчанын ичинде экологияга келтирилген зыяндын өлчөмү 3 миллиард 086 миллион доллар, ал эми түшпөй калган салыктар 1 миллиард 166,5 миллион доллар экенин айтты.

“Мындан сырткары, биздин комиссиянын иш-аракети менен калдык сактоочу жайдагы 106 тоннадан ашуун алтынды мамлекеттин эсебине кайтармакчы. Жакында Жогорку Кеңеште калдык сактоочу жайдагы кен байлыктар өзүбүзгө таандык экенин юридикалык жактан бекемдеп бере турган мыйзам кабыл алынат. Буга чейинки президенттер, премьер-министрлер биздин алтындарды сатышкан. Кыргызстанда жайгашкан кендерде, анын ичинде Кумтөрдөгү, Жер-Үйдөгү алтындар бар”, — деди Жапаров.Аны менен катар мамлекеттин эсебине өтө турган 106 тонна алтынды беш-алты жылда казып алса болорун, анын суммасы 5 миллиард 200 миллион доллардан ашарын айтты. Адистер бир жылда техникалык долбоорлоо негиздемесин даярдап, андан кийинки жылы беш тоннасын казып алуу мүмкүндүгүн айтып жатканын кошумчалады.

“Жыйынтыктап айтканда, биз Кыргызстандын мыйзамдарына таянып “Кумтөрдөн” 10 миллиард долларга чукул каражат өндүрсөк болот. Бир бөлүгүн доо катары төлөп берет, калган алтынды өзүбүзгө өткөрүп элдин пайдасына иштетебиз”, — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Centerra Gold Inc компаниясын экологияга келтирген зыяны үчүн 262 миллиард сомдой төлөөгө милдеттендирген.