Президент Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан шайлоону дайындайт

65

БШКдан маалымдалгандай, Садыр Жапаров бир айдын ичинде Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону дайындашы керек.
Эскерте кетсек, аталган шаарларда 11-апрелде өткөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган.
БШКнын маалыматы боюнча, кайра шайлоо өнөктүгү жарлыкка кол коюлган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүрөт. Үгүт мезгили үчүн мөөнөт үчтөн бирине кыскарган.
Жарышка катышууну көздөгөн саясий уюмдар үчүн эч кандай чектөө жок. Шайлоого, одоно мыйзам бузуулар үчүн соттолгон талапкерлер гана катыша албайт.
Koompress.kg