Чек ара: Тажик тарап жайытка мал айдап чыккан кыргыз жарандарын кармап кетишти

841

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарын кармап алган окуя катталды.
Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев маалымдады.

«Ак-Сай айылында Тажикстандын үч жаранын Кыргызстандын аймагындагы жолдо бара жатканда биздин атуулдар кармап алышыптыр. Ошол эле мезгилде тажик тарап дагы Тамдыктан Ворух менен келе жаткан Кыргызстандын үч жаранын кармап алышты. Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Укук коргоо органдары жана чек арачылар ошол жерде иштеп жатышат. Жарандарды чек арачылар кармаганбы же жергиликтүү айылдын элиби, кайсы документтердин негизинде кармап турушат, ушул суроолордун баарын териштирип жатабыз».

Ак-Сай айыл өкмөт башчысы Эркин Жолчиев да бул кабарды «Азаттыкка» ырастап, кыргызстандык жарандар Тамдыктан жайлоого «Портер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен баратканда тажикстандыктар кармаганын айтты.
Тажик тарап буга байланыштуу азыр расмий маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.
Ua.kg