Эки күндүк согушта элге-жерге жамынган көмүскө күчтөр болдубу?

104

Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон эки күндүк уруштан кийин Борбордук Азиядагы коопсуздук темасы эл аралык эксперттердин күн тартибиндеги башкы темалардан болуп жатат. “Кабар” улуттук агенттигинде дүйшөмбүдө болгон кыргыз жана россиялык эксперттер катышкан талкуунун темасы дагы чек арадагы чыр-чатактардын регионалдык коопсуздукка таасири жөнүндө болду.

Калк жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү чек ара талашы эле эмес, суу, жол талашы, аткезчилик, баңгисоодасы жана башка чечилбей келаткан көп маселелер конфликттик потенциалды көбөйтүп жатканы айтылууда. Бул темада сүйлөгөндөр негизинен кыргыз-тажик чек арасындагы коопсуздуктун түбүн копшогон баңги барондор, аткезчил күчтөр дагы бар экенин да белгилешүүдө.

Юрий Погиба, Кыргызстандагы “Альфа” атайын аскер бөлүгүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясынын президенти:

“Эң биринчи чечилбей келаткан маселе чек ара, экинчиден бул аймакта суу маселеси башынан эле курч турат. Үчүнчүдөн, баңгитоптордун жолуна бөгөт коюу аракети дайым агрессивдүү каршылык жаратып келген, мисалы, 1999-жылдагы баңгичил топтордун окуясы. Ошондой эле аткезчиликти айтыш керек. Мисалы, конфликт убагында Арка-1, Арка-2 айылдарында эң кызыгы, көп үйлөрдүн ичинен аткезчиликке катышы барлардын үйлөрү өрттөлгөнү”.

Бул эксперт айткан аткезчилер кимдер, кимдин үйүн ким өрттөгөнүн азыр укук коргоо органдары териштирип жаткан учур. Бирок баңги топтордун бул окуядагы ролун куралдуу көз менен карагандар эле билбесе, мамлекеттик маалымат булактарында алар жөнүндө дээрлик сөз жок. Ошентсе дагы 1999-2000-жылы “Өзбекстан Ислам кыймылынын” деп аталган жоочулар Баткенге басып киргенде, ошондо да, азыр да алар коңшу мамлекетке коридор сураган жоочулар деп айтылып келатат. Ошол эле убакта бул окуяда баңги барондордун өзүнчө бир таасири болгону жеткиликтүү изилденбеген маселе экенин айтып коюш керек.

Буга кошумча, ушул жылдын 11-сентябрына чейин АКШ Ооганстандан өзүнүн аскерин алып чыгып кеткени жатат. Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп баштаган Талибандын согушкандан башканы билбеген он миңдеген армиясы аттын башын түндүк тарапка бурса эмне болот деген дагы суроо чыкпай койгон жок.

Аскар Бешимов, Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдакы орун басары:

“Азыр баары баш катырып жатат. Бирөөлөрү айтат, эгер алар кетсе, Ооганстан ички чыр-чатакка чырмалат, бирок талибдер бүт бардык бийликти ала албайт дешет. Экинчилери, талибдер кубаттуу күч, бат эле өлкөнүн аймагынын 70% колго алат дейт. Ошондо согуштан башканы билбеген зор армия күчүн каякка жумшайт?”

Орусиялык эксперттер көбүнчө ЖКК тышкы агрессияга жол бербейт, Орусиянын аскердик стратегиясына ишенүү керек деген позициядан кеп салышууда. Ошол эле убакта өзүнүн ичиндеги эки мүчөсүнүн куралдуу жаңжалына жол берген, бирөөсүнүн тизгинин тартып коюуга жарабаган мындай уюмдун кереги барбы деген дагы суроо көп коюлууда. Демек, бул уюмдун ичинде дагы азыркы талапка ылайык өзгөрүү болушу керектиги – кашкайган маселе деп жатышат.

Региондогу чечилбеген көйгөйлөр, регионалдык аскердик коопсуздук бирикмелеринин реформасынан сырткары өзүнчө глобалдык стратегиялардын бул региондогу коопсуздукка таасири жөнүндө да көп суроо бар. Кеп АКШнын “Чоң Борбордук Азия” долбоору, Кытайдын “Бир кур-бир-алкак” стратегиясы жөнүндө болуп жатат.

Bbc.kyrgyz