«Кумтөрдүн» айланасындагы акыркы кырдаалга эксперттер эмне дейт?

97

Кыргызстандагы эң ири алтын кени болгон «Кумтөр» маселеси кайрадан күндүн негизги жаңылыгына айланды. Ага байланыштуу «Кумтөр» алтын компаниясынын ишмердигин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин 17-февралдагы токтому менен түзүлгөн. Кийин анын макамы мамлекеттик болуп өзгөртүлдү. 12-майдагы отурумунда комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Ал эми 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр» Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан сырткары 6-майда «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ага 14-майда президент Садыр Жапаров кол койгон. «Кумтөрдүн» айланасындагы акыркы кырдаалга эксперттер эмне дейт? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Экономикалык багытта «Кумтөрдүн» тегерегинде болуп жаткан окуя өтө оор. Эгерде бул маселе мыйзамдуу чечилбей калса, анда экономикага, социалдык абалга, мамлекеттин бюджетине, Кыргызстандын эл аралык деңгээлине чоң таасир этет. Себеби «Кумтөр» өлкө бюджетине жыл сайын чоң салым кошот. Мисалы, 2020-жылдын жыйынтыгы менен компания мамлекетке 14 млрд сомдон ашык акча которгон. Андан тышкары 17,3 тонна алтын өндүрүп сатып, андан 980 млн доллар пайда түшкөн болсо, ошонун 344 млн доллары салык, бажы төлөмдөрү, сатып алууларга жумшалган каражат түрүндө Кыргызстандын ичинде калган.

Ошол эле учурда 1996-жылдан бери «Кумтөр» кенинде техникалык себептерден улам 19 жумушчу каза болуп, 47 жумушчу майып болгон. Мындан сырткары экологиялык эрежелер сакталбай, жаратылышка чоң сокку болуп жатканы айтылууда.

Кыргыз Өкмөтү азыр «Кумтөрдүн» экологияга тийгизген терс таасирин негиз катары көтөрүп жатат. Бул климаттын өзгөрүүсүнө, суунун булгануусуна байланыштуу болгондуктан «Кумтөрдү» кайтарып алуу үчүн эл аралык эксперттердин деңгээлинде далилдениши керектигин саясатчы Равшан Жээнбеков айтат.

«Климаттын өзгөрүшү, сууларга, аба ырайына болгон таасирлерди эл аралык деңгээлдеги экологдор, экологиялык уюмдар аркылуу далилдей алышыбыз керек. Бул биздин Өкмөткө байланыштуу маселе. Экинчи бир маанилүү маселе, «Кумтөрдүн» 30 жылдын ичинде жасаган иштери коррупциялык бийликтер, коррупциялык соттор, коррупциялык өкмөт, коррупциялык парламент аркылуу жасалганын эл аралык сотто далилдей алышыбыз керек. Мына ошол эки маселени далилдей алсак, анда биз утабыз. Эгерде ушул эки маселени далилдей албасак, анда биздин экономикабыз, социалдык абалыбыз, бюджетибиз жакынкы убактарда катастрофага дуушар болот. Ушул эки маселеге биз жакшылап даярдансак, анда биз «Кумтөрдү» чынында эле азыр алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгерде эл аралык сотко бара турган болсок, Өкмөт професссионалдуу эмес болсо, анда биз «Кумтөрдөн» биротоло кол жууйбуз. Мүмкүн, бийлик кандайдыр бир сүйлөшүүлөр менен бул маселени акыркы убактарда чечиши мүмкүн. Анткени мурдагы бийликтер дагы сотко барбастан, ошентип чечип келген».

Ал эми Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков «Кумтөр» боюнча чечимдер коомчулукта шашылыш кабыл алынгандай таасир жаратып жатканын айтат. Ал мындай шашылыш жасалган иштер акциялардын баасынын төмөндөп кетүүсүнө алып келгенин белгиледи.

Ошондой эле ал улутташтыруу, сырттан башкаруу суроолору коюлуп жатканда, Өкмөт бул маселе боюнча жакшы материалдарды таратуу менен коомчулукту даярдап туруп, анан ишти мыйзамдуу түрдө алып кетсе жакшы болмок деген оюн кошумчалады.

«Азыркы шашылыш чечимдер менен биз дүйнө коомчулугунун алдында «Центерра» тарапты курмандыкка айланткандай болуп калдык. Андай болбошу керек эле. Биз коомчулукту буга даярдап, ушунча жылдан бери пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чечели деп гана жатканыбызды, жаман оюбуз жок экенин жеткиришибиз керек эле. «Центеррага» «компанияны тартып алалы деген оюбуз жок, бирок соттун чечими боюнча экологияга байланыштуу 261,7 млрд сомду карап көргүлө, камсыздандыруу мүчө төгүмү боюнча чыккан соттун чечимин аткаргыла» десек болмок».

Кыргызстан «Кумтөрдү» Бириккен Улуттар Уюмунун 1962-жылы кабыл алынган резолюциясынын негизинде улутташтыра алат. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, БУУнун башкы ассамблеясынын 5 резолюциясы бар. Анда «Кен элдин байлыгы болгондуктан эгерде мамлекет улутташтыра турган болсо, башка өлкөлөр каршы чыкпашы керек» деп көрсөтүлгөн. Ошонун негизинде кенди улутташтырганда бир да арбитраждык сот кирише албайт.

«1803» деп аталган резолюциянын 4-пунктунда «Ар бир мамлекет кен жайларын экологияга же адам өмүрүнө коркунуч келген учурда улутташтырса болот» деп көрсөтүлгөн. Бирок «Кумтөрдү» улутташтырса, сөзсүз түрдө «Центеррага» кенемте төлөп берүү керек болот.

Ишенбай Кадырбековдун эсептөөсү боюнча, Кыргызстан ашып кетсе, 107 млн доллар кенемте төлөйт.

«Улутташтыруу мыйзам менен кабыл алынат, башкача айтканда, биздин конституциялык укугубуз. Эгерде Жогорку Кеңеш мыйзам менен улутташтырчу болсо, аны эч ким сотко бере албайт. Бул жерде бир эле маселе бар: компенсация берүү керек деген. Анан кийин буга келгенде биздин бийликтегилер, оппоненттер, «Центерранын» адамдары «2-3-5 млрд доллар төлөйсүңөр» деп коркутуп жатпайбы. Эгерде бухгалтерияда окуган 3-курстун студентине «Кумтөр Голд Компанинин» негизги фонддук капиталдарын, балансын, жүгүртүүсүн эсептетип көрө турган болсок, төлөгүдөй эле тыйын. Алар болсо «Центерра Голд» компаниясынын активин эсептеп чыгышат, биз аны улутташтырбайбыз. Анын бул жерде эч кандай тиешеси жок. Ал Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Ошонун активин, эң негизгиси, конституциялык келишимди улутташтырабыз. Мен өзүм деле эсептеп көрдүм, ашып кетсе, 107 млн доллар компенсация төлөйт экенбиз».

Ал ортодо «Центерра Голд Инк.» компаниясы узак мөөнөттүү инвестиция жаатында укугун коргоо үчүн Кыргыз Өкмөтүнө каршы арбитражга кайрылууну демилгелеп жатканы белгилүү болду.

Билдирүүдө «Центерра» компаниясы жакында эле «Кумтөр Голд Компаниге» карата кабыл алынган мыйзамды аткарууга жана компаниядан айып пул өндүрүп, салык төлөтүүгө багытталган Кыргыз Өкмөтүнүн иш-аракеттерин токтотууга аракеттенери айтылат. Ошондой эле Өкмөт менен «Кумтөрдүн» ортосундагы инвестициялык келишимдин талаптары бузулуп жатканы белгиленет.

Ошол эле учурда бүгүн, 17-майда парламенттеги жыйында «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк «Сenterra Gold Inc.» кыргыз тарап менен сүйлөшүү столуна отургусу келерин белгиледи.

Maralfm.kg