УКМК 59,5 млрд. сомду Кытайга чыгарып кетти деген шек менен эки адамды кармады

143

Кармалган кыргызстандыктар акча чогултуп Кытайдагы компаниялардын бирине мыйзамсыз түрдө жөнөтүп турган.

Кыргызстандан 59,5 миллиард сомду чыгарып кетүүгө жана адалдаштырууга катыштыгы бар деген шек менен Х. К. Л. жана У. И. Ш. аттуу жарандар кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Алар жоюлуп кеткен Финполдун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисине карата коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы айтылат. К. Н. аттуу жетекчи март айында кармалган.

Колго түшүрүлгөндөр Кыргызстандын жарандары. УКМКнын версиясы боюнча, алар акча чогултуп банк аркылуу Кытайдагы компаниялардын бирине мыйзамсыз түрдө которуп турган.

Атайын кызмат кылмышка тиешеси бар башка адамдарды дагы издеп жатат. Алардын арасында мартта издөө жарыяланган Бактияр Жолдошбаев дагы бар.

Sputnik.kg