«Көзүнө бир нерсе көрүнгөн»: Вознесеновкада асынган өспүрүмдүн сөөгү жерге берилди

519

Чүй облусунун Панфилов районундагы Воснесеновка айылында 17 жаштагы өспүрүм өзүн-өзү асып каза болду. Анын сөөгү кичи мекени Кум-Арык айылында жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдирди.

Маалым болгондой, каза болгон 17 жаштагы А.А. Кара-Балта шаарындагы колледждердин биринде окучу.

«Бүгүн, 18-майда маркумдун сөөгүн Кум-Арык айылында жерге бердик. Окуянын кандай болуп кеткени бизге да толук түшүнүксүз. Айрымдар “көзүнө бир нерсе көрүнгөн” деп да айтышууда. Мурда молдого “дем” салдырган учурлар да болгон экен. Атасы каза болуп калган. Ал эми апасы чет өлкөдө иштеп жаткан. 4 бир тууган, ал экинчиси болгон. Кара-Балта шаарында жашачу. 16-май күнү Воснесеновка айылындагы эжесинин (атасынын бир тууган карындашы) үйүнө келип, сарайына кирип, өзүн-өзү асып алыптыр. Туугандары ар жактан издөө салып, сөөгүн 17-майда саат 01:00 чамасында табышкан», – деди алар.Ал эми Панфилов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө

Turmush.kg