Жаңы төшөк, жаңы вилка-кашыктарды менин жаназамда колдонушту

403

Бул окуяны эжесинин жан дүйнөсүнө кирип, сиңдиси айтып берди. 
Кызык,тагдыр деген ушу тура. Бүгүн маңдайыма жазылган күндү көрүп, турмуш жолуна жеңем менин уруксатсыз узатууда. Ал бала жөнүндө буга чейин бир да жолу укпаптырмын. Болгону менден 10 жаш улуу экенин билем. Кичине кезимден бери чоң ата,чоң энемдин колунда өскөндүктөн өз апама жеңе деп кайрылам. Ана дагы эмнегедир ага болгон бир да сезимим жок. Ал болгону мени төрөгөн эне бойдон кала берди.
Ушул күндөн тартып, турмуштун ысык-суугуна, ачуу-таттуусуна кагылып үй-бүлөөлүк жашоого аттандым. Бара-бара күйөмдүн кандай адам экенин билип, ага болгон сезимдерим күндөн-күнгө сууп барааткансыйт. Баса күйөө-күйөө эле дейм, аты Адыл.
Адыл үй-бүлөсүндө алгыз бала анан 4 эжеси бар экен. Бул үйдө мага бтрр гана раматылык кйын атам жакшы мамиле жасап, жылуу сөздөрдүн айтып турчу. Ал эми эжелери биздин жашообузга кийлигишип тоскоолдук жаратып турду.
Арадан жылдар өтүп 3 балалуу болдук. Ушул жылдар арасында эмнелерди гана көргөн жокмун. “Жаман аял кетем” деп коркутат дегендей мен да төркүнүмө качып барсам,мени кайра балдарыңа бар деп жиберип салчы. 13 жыл ичинде ошол уур-токмоктун айынан аз жерден дудук бойдон кала берейин дедим. Шаарга келип дарыланайын десем,мени күйөөм төркүндөрүм көрбөсүн деп үйгө камап койду. Бугумду кантип кимге айтам,эмне кылам деп ыйлап баягы жеңемди,өз колу менен 18 жаштагы секелек кызды каракчынын колуна салып берди. Бир жумадай сүйлөй албай жүрүп, бир күнү түшүмө апам(чоң энем)кирди.
-Кызым, Асель чыдап тур,каралдым сен баарын жеңесиң деп айтты. Анан кичинеден үнүм чыга баштады. Баякы ичкен Адыл жок, айылдын четинен трактор сатып алып, элдердин чөптөрүн чаап акча таба баштады. Мен байкуш сүйүнүп жашоомду оңолгонуна кубанып,үйгө жаңы төшөк,жаңы кашык,вилка,чыныларды алып сандыктын түбүнө катып койдум. Адылдын иши жакшы болуп чоң үй сала баштадык. Анан дагы менин 5 айлык боюмда бар эле. Үй-оокаттары менен алек болуп эле Адылдын ичип кеткенин байкабай калыптырмын. Баякы уур токмоктор уланып, күндөн-күнгө көбөйө баштады…
Убакыт келип төрөтүм башталып, айылдагы доктурга барсам, мени шаарга жиберишти. Шаардагы доктурлар баламды куткара албай калганын айтканда,мен дароо эс-отумду жоготуп көп кан жоготуп комага түшүп калдым……..
-Апа, менин чыдамым кетти,мен сенин жаныңда калайынчы деп боздоп ыйладым.
-Кызым, менин да жүрөгүм сыздап бутмөй болду сенин абалыңды көрүп. Бирок балдарың,эжелериң эмне кылат сен жок?
Больницанын коридорунда отурган баламды, эжелеримдин ыйлап отурганын көрүп каяка бараарымды билбей
-Апа мен сенин жаныңда калам!-деп айттым.
Менин сөөгүмдү айылга алып кетишти. Баякы жаңы үйгө киргенде колдонубуз деген жаңы төшөк,жаңы вилка-кашыктарды менин жаназамда колдонушту. Кызык,тагдырдын табышмагы деген ушу тура. Арадан бир жыл өтүп менин ашым өтүп баякы Адыл аял алганы жатат. Тиги дүйнөдө жүрсөм дагы көзүмөн жаш чыгып,биз кыялданган жаңы үйгө башка аял киргени жатат. Мен сатып алган жаңы буюмдар менен ал колдонгону жатат. Тагдыр деген ушу тура. Менин атым күндөн-күнгө унутулуп балдарым Адылдын аялын “апа” деп кайрылып жатты. Ушул замат жүрөгүм зыркырап тагдырдын табышмагы мени тирүүлүктө кайгыга бөлөгөнү аз келгенсип, бул жерде да балдарымдын мени унутканы Адылдын уур-токмогунан да көбүрөөк азап тарттырды….
Sokol.media