Эми Баткендиге чек араны патрулдар кайтарат…

1118

Бүгүн 18-майда, саат 17:00дө Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, район башчылары 29-30-апрелде куралдуу кол салуудан пайда болгон бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн, жакынкы аралыкта байланышууну макулдашышты.

Жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болуп өттү

Ошондой эле чек ара аймактарды биргелешип кайтаруу үчүн, чек арачылардын патрулун коюуну сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, кечээ Баткен жана Согди облустарынын башчылары да аталган маселе боюнча жолугушкан.

Алдыда Баткен жана Исфана райондорунун акимдеринин да жолугушуусу күтүлүүдө.
Fakt.kg