Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеваны статусунан ажыратууга 60миң кол топтолду

195

Экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаеванын статустарынан ажыратуу боюнча кол топтоо улантылууда.
Эске салсак, ушул жылдын 5-февралында активист Чыңгыз Капаровдун демилгеси менен кол топтоо башталган. Капаровдун айтымында  учурда 60 миң кол топтолгон.
«Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын статусунан ажыратуу боюнча кол топтоо улантылууда», — деп баса белгилеген акциянын демилгечиси. — Бүгүнкү күндө 60 миң кол топтолду”- деп билдирген активист.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына Сооронбай Жээнбековду  экс-президенттин статусунан ажыратуу жол-жобосун тартип сакчылары демилгелеп жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган..

Avtortv.com