МОСКВАДА КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЖАРАНДАРЫНЫН ОРТОСУНДА МАССАЛЫК МУШТАШ ЧЫКТЫ

1034

Москванын түштүк-батышындагы кафеге келгендердин ортосунда мушташ чыгып, натыйжада алты адам жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңжал мушташка чейин жетип, ага 15 адам катышкан. Алар Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары болгон.
Мындан тышкары, мушташтын тогуз катышуучусу кошумча иликтөө үчүн полицияга жеткирилген.
Кармалгандардын ичинен эки адам миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн, жети адам майда бейбаштык үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды деп айтылат маалыматта.
Eldik.media