«Центеррасыз» «Кумтөр»: Эске алынуучу жагдайлар

175

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалып, аны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кендин жамаатына тааныштырды. Маалым болгондой, Бөлтүрүктү бул кызматка Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаган. Жогорку Кеӊештин 17-майда өткөн кезексиз жыйынында «Кумтөр» алтын кенинин ишмердигин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун талкуулоо учурунда Теңгиз Бөлтүрүк «Кенди Кыргызстандын башкаруусу, коопсуздук жана технологиялык маселелер жөнүндө» баяндама жасаган. Бул адамдын бир заматта пайда болуусу, кош жарандуулугу коомчулукта кызуу талкууланууда. Эми «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкарууга өтүүсү менен эмне өзгөрөт? Алдыда кененирээк токтолобуз.

«Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргызстан «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкарууну киргизип жаткандыгына байланыштуу кендин жакын арада боло турган иштерине, коопсуздук абалына жооп бербей турганын, сот процесстери бүткөнгө чейин кийлигишпесин расмий билдирди. 17-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр» алтын кенинде түзүлгөн жагымсыз кырдаалды эске алуу менен «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизүү боюнча токтом кабыл алып, тышкы башкаруучу дайындоону Министрлер кабинетине сунуштады. Ошол эле учурда 11-майда «Кумтөрдүн» вице-президенттери, ортоңку катардагы менеджерлери жана чет элдик жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишти.

18-майдан тартып канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетип келе жаткан Кыргызстандагы ири алтын кендердин бири «Кумтөр» үч айлык мөөнөткө тышкы башкарууга берилди. Тактап айтканда, учурдагы кендеги кырдаалга Кыргыз Өкмөтү толугу менен жооп берет.

«Эми кенде иш кандай жүрөт, технологиялык процесстер жана коопсуздук кандай көзөмөлдөнөт? Кенди иштетип кете алабы же талап-тоноочулукка жол берилип кетеби?» деген суроолор учурда арбитраждык соттон да маанилүү маселе болуп жатканын журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов айтат.

«Эгерде кандайдыр бир талап-тоноочулукка же кандайдыр бир технологиялык катастрофаларга жол бериле турган болсо, бул жакта жаткандардын баары бир тыйынга арзыбаган иш болуп калат. Ошондуктан Теңгиз Бөлтүрүктүн жетекчи болуп барганына коомчулуктун күмөндөнүүсүнө негиз бар. «Ал жерде иштеди, бул жерде иштеди» деген менен анын компетенциясы көпчүлүккө анчалык белгилүү эмес. Себеби, азыр «Кумтөрдү» үзгүлтүксүз иштетип кетүү үчүн көп аракеттер, көп адистик тажрыйба керек. Анткени ал жерде каржылык маселелер чечилиши керек, өндүрүлгөн алтынды сатуу керек, технологиясы сакталышы керек. Ошол эле учурда экологиялык маселе бар. Мына ошолорду кынтыксыз алып кетүү — эң чоң маселе. Азыркы кезде «Цетерранын» аффералык жетекчилиги «сүйлөшүүгө барабыз» деген ойдо. Бирок сүйлөшүү кандай болушу керек? Негизи, биз «Кумтөрдөн» буга чейинки аффераларды токтотуп, Кыргызстан адилеттүү түрдө бери дегенде казылып жаткан алтындан 50%ын алышы керек. Эгерде кызматташуу боло турган болсо, калганынан салык төлөйбү, алардын иши. Кыргызстан эч качан «киреше көрөбүз, башка кылабыз» дебеши керек. Эми бул жерде 50% деп шарттуу түрдө гана айтып жатам. Себеби, аны биздин бухгалтерлер, тоо-кенчилер эсептеп көрүшү керек. Биз азыр сырткы башкаруу киргизүү менен ошолордун баарын эсептеп чыгарып алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Мына ошонун негизинде эсепти так коюп, «Центерранын» жетекчилиги менен сүйлөшүүгө аргумент фактыларды колубузга алып жатабыз».

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков учурдун эң татаал маселеси катары кендеги процесс бир күн да токтобошу керектигин белгилейт. «Кумтөрдүн» канадалык жетекчилиги мөңгүлөргө мониторинг жүргүзө турган лазердик-компьютердик системасын өчүрүп кеткени айтылууда. Ошого байланыштуу автономдуу башкаруу киргизип, каттуу көзөмөл жүргүзүү керек. Убактылуу көзөмөлдөө үчүн кол менен мөңгүлөрдүн кыймылын өлчөй турган байкоо казыктарын орнотуу керек. Анткени көзөмөл жакшы болбой калса, мөңгүлөр жылып кетип, горизонтту басып калса, адам өлүмүнө, алтын казуу процессинин токтошуна алып келиши мүмкүн.

«Мөңгүлөр түшүп кетип, горизонтторго барса, адам өмүрүнө коркунуч туулуп калышы мүмкүн; алтын казуу процессине тоскоолдук жаралып, токтоп калышы мүмкүн. Андан сырткары «Центерра» компаниясына «техникалык авария болуп калды» деп, уят болуп калышыбыз мүмкүн. Биз мисалы, экология маселесине басым жасап, «иштелип чыккан калдыктарды алып барып мөңгүлөргө төгүп жатасыңар» деген маселени көтөрүп, бирок кайра эле ошол иш-аракеттерди өзүбүз жасай турган болсок, анда дагы бир ирет коомчулука да, канадалык жетекчиликке да уят болуп калабыз».

Ал эми саясатчы, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков парламенттин «Кумтөрдү» убактылуу тышкы башкарууга берген чечимин түшүнө албай жатканын белгиледи.

Анын пикиринде, Кыргызстан жакшы маселени көтөргөндөй болгону менен үч айдан кийин баары белгилүү болот. Аталган мөөнөт бат эле бүткөндүктөн, кандай гана чечим кабыл албасын, үч айдан кийин канадалык жетекчилер келип, жакпаган чечимдерди жокко чыгарып, аны аткарган жумушчуларды иштен бошотот.

«Биз бул маселени көтөргөндө, «экологиялык маселелер чечилип, ага тиешелүү каражат табылышы керек» деген ойлор көп айтылды. А бирок ошол жердеги экологияны ордуна алып келүү үчүн үч ай эмес, үч жыл эмес, 30 жылдай убакыт жана миллиарддаган доллар керек. Ал убакыттын ичинде бул маселени кантип чече алат, каражатты кайдан табат? Чындыгына келгенде, бул чечим мага түшүнүксүз болуп калды. Же бул жакка эмес, же тиги жакка эмес. Үч айдан кийин желибиз чыгат».

Кошумчалай кетсек, Канаданын бийлиги 18-майда «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы соңку жагдай боюнча билдирүү жасап, анда Кыргызстандын инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагындагы соңку окуялардын чукул курчуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Maralfm.kg