(видео)Тажик журналисти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жөнүндө тасма тартты

877

Белгилүү тажик журналисти Орзу Исо 18-майда YouTube каналында өзүнүн жаңы “Кызыл жана Кара. Согуштун түстөрү” деген аталышта документалдык тасмасын жарыялады.

Жарым сааттык тасмада Тажикстандын Исфара айылдарынын Кыргызстандын Баткен району менен чектешкен аймагындагы акыркы жаңжал жөнүндө баяндалат. Орзу Исо өзүнүн тасмасында акыркы жаңжалдын эң кызуу жерлерине, анын ичинде талаштуу Головной суу сактагычына, ошондой эле тажик тараптан курман болгондордун үйлөрүнө барган.

Ошондой эле ал Исфарага жаңжалды чагылдыруу үчүн барган журналисттер менен маектешет.

«Кызыл жана кара. Согуштун түстөрү ” Исфара окуялары жөнүндө тартылган алгачкы даректүү фильм.

Ал арада дагы бир тажик журналисти жана режиссеру Далер Имомали дагы акыркы кандуу окуялар жөнүндө тасма тартуу үчүн Исфара шаарына барганы белгилүү болду.

Elgezit.kg

https://m.youtube.com/watch?v=c7fu2qj9H-w&feature=youtu.be