«Кумтөрдүн» алтыны Кыргызстанда калат….

129
A worker holds a polished gold alloy bar in a workshop at Kumtor gold mine extraction factory in the Tien Shan mountains, some 350 kilometres (218 miles) southeast of the capital Bishkek near the Chinese border March 14, 2013. Kumtor - which means Sand Peak in the Turkic national tongue is located at more than 4,000 m (13,000 ft) above sea level and is the second-highest gold mining operation in the world. TO GO WITH STORY KYRGYZSTAN-GOLD/ Picture taken March 14. REUTERS/Shamil Zhumatov (KYRGYZSTAN - Tags: BUSINESS COMMODITIES)

«Кумтөрдүн» алтынын Кыргызстандын банктары жана жеке жарандар да сатып ала баштайт.

«Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу башкаруу киргизилгенден кийин кендеги алтын казуу, өндүрүү иштери кандай жүрөт?

«Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк 20-майдагы Жогорку Кеңеште өткөн басма сөз жыйында кендеги техникалык маселелер кандай чечилерин түшүндүрдү.

Анын маалыматына караганда, «Кумтөрдөн» алтын өндүрүүдө канадалык «Центерра» иштеп чыккан стратегия өзгөртүлүп жатат. Буга чейин мөңгүлөрдү талкалоо жолу менен алтын өндүрүлүп келсе, эми жер алдынан казуу ыкмасына өтүшөт.

— «Кумтөрдөгү» экологиялык көйгөйдүн алдын алуу үчүн 2031-жылга чейин кабыл алынып калган стратегияны өзгөртүп жатабыз. «Центерра» мөңгүлөрдү талкалап, варвардык жол менен кареьерден казууну уланта бермек. Биз буга каршыбыз. Бизде альтернативдик сунуш бар. Бул экономикалык жактан рентабелдүү болот. Балким алтынды чыгаруу көлөмү азайышы мүмкүн, бирок биз аны кантип, каяктан ордун толтурууну билебиз. Жалпак тил менен айтканда, биз жер астына өтөбүз, мөңгүлөргө тийбейбиз.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева «Кумтөрдү» иштеткен канадалык компания тарабынан экологиялык зыян келтирилип жатканын мурунтан эле айтып келет. Ал мөңгүнү талкалаганды токтотуп, жер астынан казуу туура болот деген пикирде.

— Экологиялык маселе чынында бар. Мөңгүлөрдү талкалоого такыр уруксат берилбеши керек. Азыр эки мөңгүнү: Лысый менен Давыдовду талкалап салды, анда башка Сары-Төр, Борду жана Петров мөңгүлөрүн буздурбай сактап калуунун кепилдиги болушу керек. Нарын суусунда суу аз деп жатабыз, суу ошол жактан келет. Бул — аябай чоң экологиялык катастрофа. Азыр сот өндүрүп бере турган 3,2 млрд доллар деле ал мөңгүлөрдү кайтарып бере албайт.

Менимче, азыр мөңгүнү талкалаганды токтотуп, жердин асты менен казууга өтүү керек. Мен 2014-жылы «Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү жөнүндө» мыйзам чыгаргам. Депутаттар колдоп, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койбой койгон. Эгер ошол мыйзам ишке киргенде, эмгиче булар мөңгүнү бузбай, жердин астынан казып калмак.

«Кумтөр Голд» ишканасынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк учурда эң негизги милдет – кендеги ишти турукташтыруу экенин айтат. Себеби мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн автоматташтырылган тутум 15-майда канадалык адистер тарабынан өчүрүлгөн. Бөлтүрүк бул атайылап жасалган аракет экенин жана тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын белгилейт.

«Биз онлайн системанын ишин канадалыктар токтотуп кетти деп ойлоп жатабыз. Маалымат базасы толугу менен Түндүк Америкадагы серверлерге өткөрүлүп берилген. Шахтанын өзүндөгү жана «Учкундагы» компьютерлерде дээрлик эч нерсе жок болчу. Бул атайылап жасалганбы, мен билбейм. Жагдайды укук коргоо органдары такташы керек, биз протокол түздүк, «Центерранын» жетекчилиги муну четке кагып жатат. Биз Канаданын жана Улуу Британиянын элчилерин, жалпыга маалымдоо каражаттарын «Кумтөргө» келип кетүүгө чакырабыз. Ал жакта эмне болуп жатканын, мөңгүлөрдүн абалын өзүлөрү көрүшсүн.

Жакынкы убактарда мөңгүдөн суу пайдалануу токтотулат, бирок убакыт керек. Дагы бир маселе, туруктуу мониторингдин көз карандысыз системасын киргизүү зарыл. Учурда швейцариялык компания менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Компания суунун жана саркынды суулардын сапатын, айлана-чөйрөгө байланыштуу бардык иш-аракеттерди көзөмөлдөй турган болот.

«Кумтөр Голд» ишканасында өндүрүш бир жумадан бери колго башкарылып жатканы буга чейин айтылган.

Ал эми каржы маселесин чечүү максатында Улуттук банк, «Кыргызалтын» ААК жана «Кумтөр» ЖАК ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт. Анын алкагында, «Кумтөрдөн» өндүрүлгөн алтынды эми өлкө өзү сатып алат.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айтымында, алтындын биринчи партиясын 19-майда Улуттук банк сатып алды.

«Кумтөр» алтын кенин иштетип кетүү үчүн ай сайын 20 млн доллар сатып алууларга, 4 млн доллар кызматкерлердин айлык акысына, 11 млн доллар салык төлөөгө жумшалат. Кампадагы каражат 2-3 айга жетиши мүмкүн.

«Кыргызалтында» мурдатан топтолгон 20 млн доллар дивиденд бар. Мындан тышкары Каржы министрлиги менен 25 млн доллар насыя алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды. Бул акча алгачкы эки ай кризистик мезгилден өткөнгө жетиши керек. Андан ары бир айда 50 млн доллардан ашык акчага алтын өндүрүлө баштайт.

«Кумтөр» алтын кенинин ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды өлкө ичинде алып калуу механизмдери 2007-жылы эле иштелип чыкканын айтты.

«Кыргызстан «Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтынды сата алат. Эгер «Центерра Голд» санкция жарыяласа, «Кумтөрдүн» алтынын кантип сатуу керектиги боюнча механизмдерин иштеп чыкканбыз. Экинчи этапта башка банктар жана катардагы жарандар да сатып алса болот. Өзүбүздүн алтынды өлкөнүн ичинде алып калуу боюнча Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда эле механизмдерди иштеп чыкканбыз. Башкача айтканда, бул азыр жаңы жасалып аткан иш эмес.

Басма сөз жыйында айтылган маалыматтарга таянсак, «Кумтөр» кениндеги алтындын запасы отчеттордо көрсөтүлгөндөн кыйла көп болушу мүмкүн. Мисалы, отчеттордо 667 тонна алтын калды деп айтылат, бирок дагы ондогон жылдарга жете тургандай алтындын кору бар.
Maralfm.kg