Жезде менен балдыздын түнкү окуясы: Аялын алмаштырып алган нарындык жигит соттолду

342

Сокулук райондук соту Жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен айыпталган Арландын (аты өзгөртүлдү) жазык ишин карап чыгып, өкүм кабыл алды.

Айыпталуучу Арлан 1986-жылы Нарын облусунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт. Мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес. 2020-жылдын 6-декабрынан бери камакта.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Арлан 2019-жылдын 12-октябрынан 13-октябрына караган түнү болжол менен саат 01:30 чамасында Сокулук районундагы үйүндө мас абалда балдызы Айнаны (аты өзгөртүлдү) жашы жете элек экенин билип туруп зордуктаган. Ошондой эле венерологиялык ооруларды (жыныстык жол менен жугуучу оорулар) жугузуп, андан кийин Россия Федерациясына качып кеткен.

Сот отурумунда айыпталуучу Арлан күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 2019-жылдын 12-октябрында келинчеги тойго кетип, өзү мас абалда болгон. Ошол маалда балдызын аялына алмаштырып алып, аны менен жыныстык катнашка барган. Андан кийин кайын эжеси ызы-чуу салып баштаганда андан кечирим сурап, 14-октябрда Россияга кеткен.

Арлан бул ишке өкүнүп жатканын, атайын жасабаганын, мастыгынан улам болгонун, балдызы жашы жете элек экенин билгенин кошумчалады.

Сот отурумуна жабырлануучу Айна мыйзамдуу өкүлү жана Сокулук районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү менен бирге катышкан. Анын айтымында, 2019-жылдын 12-октябрында жездеси Арлан телефон чалып, үйгө барып тамак бышыр деп айткан. Жездеси түнкү саат 01:00 чамасында мас болуп барган. Эжесинин атын айтып, күч менен анын кийимин чечкен. Айна коркконунан ага эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Арлан аны бекем кармап, оозун жаап, зордуктаган.

Жыныстык катнаш бүткөндөн кийин Айна жездесине «коё бериңиз» деп айткан. Ошондо Арлан аны бир саамга карап туруп, «айтып койбойт белең» деген. Жабырлануучу белгилегендей, төшөктөн кандын тагын көргөн эмес. Бул окуяга чейин 2-3 ай мурун жигити менен жыныстык катнашта болгонун айтты. Ошондой эле колдору жана буттары көгөргөн эмес.

Жездеси зордуктагандан кийин эшикке чыгып, бир аз убакыт отурган. Эртеси күнү саат 09:00 чамасында жездесинин үйүнөн чыгып, өзүнүн үйүнө барган. Анан ич кийимин жууп, окуяны коркконунан эч кимге айткан эмес.

Жабырлануучу Айна жездеси аны эжеси менен алмаштырып, ушул ишке барганын кошумчалады.

Сот отурумунда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн айтымында, кызынын окуясын уккандан кийин түнкү саат 03:00 чамасында күйөө баласынын үйүнө барып, аны таппай калган. Ал эми кызы мурун бирөө менен жыныстык катнашка барганын билген эмес. Мыйзамдуу өкүл тергөөдө тосмо арыз бергенин кошумчалады.

Сот отурумунда күбө айыпталуучу анын жолдошу болорун жана ортодо бир баласы бар экенин билдирди. Анын айтымында, 2019-жылдын 12-октябрында Тогуз-Тородо болчу. Андан кийин сиңдиси болгон окуяны айтып берген. Жолдошу алгач күнөөсүн мойнуна албай, кийин Россияга качып кеткенин билдирген.

Арлан Жазык кодексинин 164-беренеси менен (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

КР «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде берилген жаза үчтөн бирге кыскартылды.

2020-жылдын 26-декабрынан тарта өкүм күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 81-беренесинин 5-бөлүмүнүн негизинде алдын ала кармоо мөөнөтүнүн 1 күнү 1 күнгө барабар деп эсептелди. Арландын баш коргоо чарасы камакта бойдон өзгөртүүсүз калтырылды.

Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүк мөөнөттө апелляциялык тартипте Чүй облустук сотуна даттанууга укуктуу.

Turmush.kg