Бишкекте 3 ай унаада жаткан кишинин сөөгү табылды

326

Бишкектин Көльбаев көчөсүндө көптөн бери токтоп турган унаадан жагымсыз жыт чыккан. Жергиликтүү тургундар милиция чакырганда унаадан кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу интернет колдонуучусу жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, милициянын айтымында кишинин сөөгү болжолдуу 3 ай бою унаада жаткан.

“Милиция сөөктү алып кетти, бирок унаа калды. Дагы деле жагымсыз жыт чыгып жаткандыктан, кайрылбаган жерибиз калган жок. Маркумдун апасы “Менин тынчымды албагыла”, – деп койду. Мен аны да туура түшүнөм, бирок милиция чара көрбөй жаткандыктан интернетке чыгарууга аргасыз болдум”, – деп жазды ал.

Racurs.kg