2500 долларлык «Дорпер». Кеминге алынып келген койлордун баасы эмне үчүн мынча кымбат?

174

Чүй облусунун Кемин районуна жеке фермерлер аркылуу Австралиядан учак менен ар бири 2500 доллар болгон 102 баш кой алынып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Кемин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Мурсадайыров билдирди.

Анын айтымында, Кемин районуна Василий Пятибратов аттуу фермер тарабынан «Дорпер» породасындагы койлордун биринчи партиясы алынып келди. Анын негизги максаты — асыл тукум ферма уюштуруу.

«Бир кой 2500 доллар турат экен. Бул баа жол акынын кымбаттыгынан келип чыкты. Болбосо Австралияда бул койдун баасы 300-400 доллардан турат экен. Келечекте дагы 1000 баш кой алып келүү планда бар.

Негизи 103 кой алынып келген экен. Жолдон бирөө өлүп калыптыр. Койлор сырттан келгени үчүн 30 күнгө карантинге киргизилди. Бир ай бою мал доктурлардын көзөмөлүндө болот. Бул койдун этин май каптап, семирбейт экен. Анан атайын жем-чөп тандабай, баарын жей берет дешти. Эти «Абердин-ангусс» породасындагы букалардын этине окшош. Негизи бул «Дорпер» породасы Африка менен Англиянын койлору аргындаштырылып чыгарылыптыр. Бир жылда 2 жолу, анан дагы көбү эгиздеп төлдөйт деп билдиришти. Тирүү салмагы 140 килограммга чейин барат деген да маалымат айтылды. Бирок кой өтө деле чоӊ эмес. «Роман» породасындагы койлордой эле», – деди ал.

«Дорпер» породасындагы койлор этти көп бергендиги менен белгилүү. Алар Африкадан, тактап айтканда эң кургак аймактардан тараган. Бул алардын жем-чөпкө жана ар кандай жер шартына ийкемдүү экендигин түшүндүрөт.

«Дорпер» койлору бир өңчөй жана начар тамактанышса да салмагынын өсүшү токтоп калбайт. Ошол эле учурда ден соолугу чың, иммунитети күчтүү болот. Ушундай өзгөчөлүгүнүн аркасында бул порода бүткүл дүйнө жүзүндөгү кой багуучулардын арасында популярдуулукка ээ.

Ошондой эле аталган породадагы койлор сырткы көрүнүшү менен да бир топ айырмаланат. Койлор мезгилдүү түлөө болгондо эски жүнүнөн өз алдынча арылышат. Бозомук тармал жүнү бир гана каптал тарабында жана белинде байкалат. Ошол эле учурда алардын териси ачык түстө болот.

Адистердин айтымында, жагымсыз жыттан улам эт жей албагандар бул породадагы койдун этин жактырып кетишет. «Дорпер» эти мыкты даамга жана жука май катмарына ээ. Ошол эле учурда бул жаныбардын этинде холестерол курамы өтө төмөн.

«Дорпер» этин союп алуу 90 пайызга жетип, абсолюттук рекорд жараткан. Чоң көлөмдүү кочкордун салмагы 140 килограммды түзсө, эң чоң ургаачысыныкы 95 килограммга жетет. «Дорперлер» эт катарында экендигине карабастан, боз койлору туугандан кийин сүттүн өтө жогорку өндүрүмдүүлүгүн көрсөтө алышат. Бул сапат селекционерлер тарабынан жогору бааланган.

Терилердин сапатына токтолсок, бул көрсөткүчтө да башка түрдөгү койлорду бир топ артта калтырышты. Алардын терилери кемчиликсиз жылмакай, бүктөмдөрдүн жана бырыштардын жоктугу менен белгилүү. Ошол эле учурда бекем жана тыгыз түзүлүшкө ээ. Ошондуктан бул материал эксклюзивдүү жана кымбат баалуу сырткы кийимдерди, жогорку сапаттагы элиталык аксессуарларды чыгарган ишканаларга жөнөтүлөт.

Кой көбүнчө бир козу тууйт. Эгиздердин туулушу өтө сейрек кездешет. Жаңы туулган козунун салмагы 2-5 килограммды түзөт. Күнүнө болжол менен 0,7 кг жем-чөп жеп, 1 айдын ичинде козунун салмагы бир нече килограммды түзсө, тойбогон козулар жогорудагы салмактан эки эсе салмак кошот. Бир айдан кийин кичинекей козунун салмагы 20 килограммды түзүп, тогуз айга чейин болжол менен 70 килограммга жетет.

Turmush.kg