Организмди бир күндө тазалайбыз!

560

Этап №1.
Күнү бою тазартылган же эритилген сууну ичебиз. Сууга лимон ширесин же бал кошуп койсо болот. Ар бир тамактанаар алдында бир стакан ичиңиз.
Этап №2
Аптекадан Расторопша (төө тикен) – организмдеги алмашуу процессин тездеткен жана боорго жакшы таасир берген өсүмдүк – сатып алабыз. Анын маңызын күнүнө 2-4 жолу ичебиз. Кутусунан кантип даярдалаарын жана канча өлчөмдө ичиш керек экенин окуп алыңыз.

Этап №3
Ичеги-ашказан трактынын иштешин жакшыртуу үчүн эртең мененки тамак алдында бир чай кашык зыгырдын данынан жеп койгон жетиштүү. Андан жакшысы, зыгырдын данын кечинде жатаарда сууга чылап койсоңуз. Эзилген масса ашказанга киргенден кийин батырак таасир берип баштайт.

Этап №4
Ар бир тамактангандан кийин, 20 мүнөт өткөн соң, көк чай же чөп чай ичиңиз. Бул чайлар кандагы шекерди нормалдаштырат, ашказандагы сезгенүү процесстерин азайтат, ошондой эле боор менен бөйрөктү тазалайт. Колдон келсе, көк же чөп чайды ичүүнү күнүмдүк адат кылып алсаңыз жакшы.

Anan.kg