Интернеттен таанышкан Москвадагы жигитине кеткен 20 жашар кыз изделүүдө

402

Сатыбалдиева Айдана аттуу 20 жаштагы кыз эч кимге айтпай Москвага кетип калган. Бул тууралуу анын эжеси интернетке жарыялады.

Анын айтымында, Айдана социалдык түйүндөр аркылуу бир бала менен таанышып, анын жанына Москвага эч кимге айтпай кетип калган. Бүгүнкү күндө дайыны жок болуп жаткандыктан милицияга арыз менен кайрылган.

Сүрөттөгү кызды Москвадан көргөн билгендер болсо милицияга кабар берип койсоңуздар.
Turmush.kg