20 жыл ичинде 30 адамдын этин жеген 72 жаштагы каннибал камакка алынды

1699

Мексикада акыркы 20 жыл ичинде кеминде 30 адамды өлтүргөнүн мойнуна алган 72 жаштагы киши кармалды, деп жазат Лента.ру. басылмасы.

Полиция 34 жаштагы Рейна Родригестин көзү өткөндөн кийин анын изине түшкөн. Аял 13-майда жоголуп кеткен.

Мексикалыктын үйүн тинтүү учурунда полиция көптөгөн адамдардын сөөктөрүн тапкан. Полициянын айтымында, адам эттин жарымын жеген. Мындан тышкары, пенсионердин үйүнөн ар кайсы жылдардагы курмандыктардын документтери жана жеке буюмдары табылган.

Ошондой эле шектүүнүн үйүнөн аудио жазуу дагы табылган. Полиция ал Рейна Родригести өлтүрүп, денесин бөлүп салган деп эсептейт. Шектүү тарабынан өлтүрүлгөн адамдардын так саны ДНК анализинен кийин аныкталат.

Жалгыз бой эне Рейна Гонсалес шектүү кишинин жанында жашачу. Кошуналарынын айтымында, ага тез-тез келип, тамак-аш алып келип турган. Алар аялды акыркы жолу шектүүнүн үйүнө баратканын көрүшкөн.